Оленичев: "Кант" базасында террористтерди көп сандагы "белектер" күтүп турат

© Sputnik / Владимир Пирогов / Медиабанкка өтүүКант авиабазасы. Архив
Кант авиабазасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Авиациялык техникага карай жолдо чабуулчуларды өз пландарынан такыр баш тартууга мажбурлай турган көп сандагы "жагымсыз белектер" күтүп турат.

БИШКЕК, 20-июль — Sputnik. Согушчандардын иш-аракеттерине теориялык жактан толук эркиндик берген күндө да базадан аскердик учактарды айдап кача алышпайт деп билдирди ЖККУнун "Кант" авиабазасынын маалыматтык камсыздандыруу тобунун жетекчиси Олег Оленичев. 

Бейшембиде Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин бөлүмдөрү ИЛИМ эл аралык террористтик уюмунун согушчандарын кармоо боюнча Бишкектин борборунда атайын операция өткөрүшкөн. Жети экстремист кармалып, төртөө өлтүрүлгөн.

УКМКнын маалыматы боюнча, согушчандар эл топтошкон жерлерде, ошондой эле Канттагы ЖККУнун авиабазасында теракт уюштурууну даярдап жатышкан.

"Командачылык авиабазанын объекттерине карата террористтик коркунучтардын күч алышына тынчсызданууда. Авиабазанын аймагында жана анын тегерегиндеги аскердик жана жарандык объектилерди терроризмден коргоону күчөтүү боюнча бардык чаралар көрүлдү", — деп билдирет авиабазанын өкүлү.

УКМК: согушчандар Бишкекте бир нече теракт жасоону пландаган. Архив - Sputnik Кыргызстан
УКМК: согушчандар Бишкекте бир нече теракт жасоону пландаган
Оленичев токтоп турган учакты же тик учакты айдап качууга мүмкүнчүлүк жок экенин, алар талаптагыдай күзөткө алынганын белгиледи. 

"Муну фантастикалык фильмдерде укмуштай баатырлар ар бир 15 мүнөт сайын жасай берет. Кылмышкерлердин иш-аракеттерине толук эркиндик берилди дейли. Ошондо да уурдалган учакта учуп кетиш үчүн ага жок дегенде май жана атайын суюктуктарды куюш керек, системалар менен жабдууларды учар алдында даярдап, дагы башка толгон аракеттерди жасаш керек. Буга көп убакыт, атайын техника жана көп сандагы адистердин иши талап кылынат", — дейт Оленичев.

Албетте анча убакытты жана андай шарттарды террористтерге эч ким бербейт деп баса белгиледи ал.

"Чынына келсек, авиациялык техникага карай жолдо чабуулчуларды өз пландарынан — эгер аман калышса — такыр баш тартууга мажбурлай турган көп сандагы "жагымсыз белектер" күтүп турат. Ал кандай тоскоолдуктар экенин белгилүү себептер менен ачык айтканга акыбыз жок", — деди аскер кызматкери.

Ошондой эле Оленичев терроризмге каршы туруу максатында алдын алуучу бир топ чаралар көрүлүп, анын ичинде объекттерди коргоону күчтөндүрүү жана мүмкүн болуучу кол салуулардын мизин кайтаруу үчүн бөлүнгөн каражаттар менен күчтөр машыктырылып жатат деп билдирди.

"Тийишүү ведомстволор КРдин күч түзүмдөрү менен тыгыз кызматташып атайын жана оперативдүү иш-чараларды жүргүзүп жатат. Алар кырдаалды көзөмөлгө алууга жана авиабаза террористтик коркунучтардан жетиштүү деңгээлде корголгонун айтууга мүмкүндүк берет", — деди Оленичев. 

Ошондой эле ал жарандардын кыраакылыгы, боордош Кыргызстан менен Россиянын күч ведомстволорунун натыйжалуу иши жана террористтик чабуулдарга каршы турууга алардын даярдыгы келечекте да мындай аракеттерге баштапкы мезгилинде эле бөгөт коюуга мүмкүндүк берет деген ишенимин билдирди.

Жаңылыктар түрмөгү
0