Шаршекеев: ЕАЭБге кошулуунун пайдасын алгач айыл чарба тармагы сезет

© Sputnik / Константин Чалабов / Медиабанкка өтүүКапустаны алуу. Архив
Капустаны алуу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Рыноктун кеңейиши, өнөктөштөр менен болгон байланышты чыңдоо өнөр жайдын, биринчи кезекте жеңил өнөр жайынын өнүгүшү үчүн чоң түрткү болот, дейт Соода-өнөр жай палатасынын президенти.

БИШКЕК, 14-июль — Sputnik. Евразиялык экономикалык биримдиктин чек араларынын ачылышы менен Кыргызстандын бизнес-коомчулугу бир катар артыкчылыктарга жетише турганын Соода-өнөр жай палатасынын президенти Марат Шаршекеев билдирди.

Мекеме жетекчисинин айтымында, ал биримдиктин ишкерлер кеңешинин мүчөсү катары шаршемби күнү Москвада өтө турган жыйынга катышат.

"Бул боюнча кыргыз тараптын көптөгөн суроолору бар. Тоскоолдуктарды кантип жоюуга болот? Биримдиктин аймагында бизнес жүргүзүүнүн шарты кандай болот? Бул маселелер ишкерлерге түздөн түз тиешелүү", — деди Шаршекеев.

Анын айтымында, калк жаңы шарттарга, интеграциялык процесстин талаптарына ылайыкташышы керек. 

"Бул кыйынчылыктарга карабастан, биримдикке кошулуу бизнес коомчулугу, биринчи кезекте жашылча-жемиш, сүт азыктарын өндүргөн ишкерлер үчүн пайдалуу болот", — деди Шаршекеев.

ЕАЭБге кошулуунун оң жактарын өнөр жай тармагы көптө барып сезет. 

"Бизнестин иши ийгиликтүү болгон сайын баарына жагымдуу болот. Рыноктун кеңейиши, өнөктөштөр менен болгон байланышты чыңдоо өнөр жайдын, биринчи кезекте жеңил өнөр жайынын өнүгүшү үчүн чоң түрткү болот", — деди Соода-өнөр жай палатасынын президенти.

Өкмөт башчы Темир Сариев дүйшөмбү күнү Кыргызстандын ЕАЭБге кошулуу туурасындагы макулдашуусун ратификациялоо процесси жакын арада аяктарын, мындан улам кыргыз тарап чек араларды ачууну тездетүүгө ниеттенип жатканын билдирген.

Жаңылыктар түрмөгү
0