Эксперттер: КРдин ЕАЭБге киришинин таасири дароо эле байкалат

© Sputnik / Виталий Белоусов / Медиабанкка өтүүШКУ жана ЕАЭБ мамлекеттеринин желеги. Архив
ШКУ жана ЕАЭБ мамлекеттеринин желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандын Евразиялык экономикалык биримдикке киришин ратификациялоо жөнүндө документтер жакынкы арада ЕЭКке келип түшөт, бул КР эл аралык интеграциялык биримдикке толук укуктуу мүчө болду дегенди билдирет.

БИШКЕК, 11-июль — Sputnik. ЕАЭБге мүчө өлкөлөр Кыргызстандын Евразиялык экономикалык биримдикке кириши жөнүндө документтерди мынчалык тез ратификациялашы жакшы көрүнүш, дейт экономика министри Олег Панкратов, республиканын ЕАЭБге кириши боюнча мындан аркы кадамдар жөнүндө айтып жатып.

ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн парламенттери Кыргызстандын интеграциялык биримдикке кошулушу жөнүндө документтерди ратификациялады. Эми документтерге өлкөлөрдүн президенттери кол коюулары керек.

Панкратовдун айтымында, документтер кечирээк каралары күтүлүп жаткан, бирок өлкөлөр түшүнүү менен колдоп кетишти.

"Кыргызстандын ЕАЭБге кошулушу күзгө жылып калат деген кооптонуу эми артта калды. Парламенттер өз ойлорун билдиргендиктен, КРдин биримдикке кошулушуна эми бөгөт жок. Мындан ары документтер президенттердин кол коюусуна тапшырылат. Андан соң дипломатиялык каналдар аркылуу Евразиялык экономикалык комиссиянын депозитарийине жиберилет. Юридикалык жактан алганда, документтер депозитарийге келип түшөрү менен Кыргызстан ЕАЭБдин толук укуктуу мүчөсү болуп калат", — деди Панкратов.

Ал кошумчалагандай, азыр Кыргызстанга текшерип-өткөрүү пункттарын, инфраструктураны карап жаткан кезектеги инспекция келген.

"Бажы инфраструктурасы боюнча көйгөйлөр толук жоюлду. Кыргыз-казак чек арасында бажылык текшерүү-көзөмөлүн эми эч кыйынчылыксыз алып салууга болот. Инспекциянын жыйынтыктары боюнча ветеринардык, фитосанитардык жана санитардык көзөмөл жүргүзүү үчүн посттор менен лабораториялардын даярдыгы жөнүндө бүтүм чыгарылат", — деди экономика министри.

"Дыйкан Плюс" ЖЧКнын башкы директору Улан Адамкуловдун сөзүнө караганда, бул жагымдуу кабар болгону менен, Кыргызстандын ишкерлери үчүн экспорт менен иш алып баруу боюнча ачык-айкын маалымат бербейт. 

"Иш жүзүндө бажыкана, инспекцияларда эмдигиче жаңы тартипте иштөө шарттары түшүндүрүлө элек. Азыркыга чейин эле баары башаламан. Анан калса бажы бааларынын өсүшү биз күткөндөй болгон жок", — дейт ал.

Атап айтканда, деп түшүндүрдү Адамкулов, мамлекет айыл чарба техникасын алып кирүүгө салык төлөмү көтөрүлбөйт деп бир жыл бою убада кылып келген, бирок иш жүзүндө ал баары бир көтөрүлгөн.

"Андан тышкары, ЕАЭБ өлкөлөрүнө экспорттоонун шарты боюнча айрыкча чет-жакаларда ишкерлердин эмдигиче маалыматы аз. Биз мурдагыдай эле кызматташууга даярбыз, бирок аны кандайча жүргүзүүнү билбейбиз", — дейт ишкер.

Экономика илимдеринин доктору Жумакадыр Акенеевдин айтымында, документтердин ратификацияланышы менен бажы чектеринин ачылышынын таасирин Кыргызстан ЕАЭБге кошулган күндүн эртеси эле сезе алат.

"Товарлардын, айрыкча айыл чарба өндүрүмдөрүнүн агымы өтө чоң болот. Себеби ага суроо-талап дайыма бар да. Анан калса, Россия, Казакстан ага абдан муктаж", — деди ал.

Акенеев Кыргызстанда эс алууга даяр туристтердин да агымы чоң болорун кошумчалады. 

"Азыртан эле КРге келүүнү каалаган туристтер чек арада толуп турат, чек аралар ачылгандан кийин бул жакка өтүү дароо эле жеңилдейт", — деди эксперт.

21-майда Кыргызстан өлкөнүн Евразиялык экономикалык биримдикке кошулушу тууралуу келишимди ратификациялаган. 16-июнда документти Армениянын парламенти колдоду, 30-июнда Беларусь Республикасынын кеңеши, 1-июлда Россиянын Мамдумасынын депутаттары России жана Мажилистин парламентарийлери, 8 июлда РФтин Федерация кеңеши Казакстан парламентин жогорку палатасы колдоого алган.

Жаңылыктар түрмөгү
0