Ищенко: Кыргызстанды АКШ коңшуларга каршы иштер үчүн плацдарм катары колдонушу мүмкүн

© Sputnik / Александр Вильф / Медиабанкка өтүүАмерикалык футбол күйөрман. Архив
Америкалык футбол күйөрман. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Россиялык эксперт америкалыктар КРдеги элчилигине аларды угуп-тыңшоолорго жол бербей турган, бирок башкалардын корголгон байланыштарын жашыруун тыңшоого мүмкүндүк берүүчү жабдыктарды алып келиши ыктымал экенин четке какпайт.

БИШКЕК, 25-июнь — Sputnik. Кыргызстандын аймагын АКШ коңшулаш өлкөлөргө каршы аракеттери үчүн пайдаланууга аракет кылат деп Sputnik агенттигине Системалуу талдоо жана алдын ала айтуу борборунун (РФ) президенти Ростислав Ищенко билдирди. 

Генерал-полковник Абдыгул Чотбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Чотбаев АКШ элчилигине келген жүк жөнүндө: тыңчылык кылуу үчүн жабдыктар болушу мүмкүн
23-июнда АКШнын Бишкектеги элчилигине кезектеги "сырдуу жүк" келгени жөнүндө шаршембиде белгилүү болгон. Үстүдөгү жылдын март айында "Руслан" украин авиакомпаниясынын Ан-124 учагы "Манас" аэропортуна эки жолу келип конгону туурасында ЖМКлар кабарлаган. Учак БАЭден АКШ элчилиги үчүн 152 тонналык белгисиз бир жүк жеткирип келген. Диппочта статусуна ээ жүк кароодон өткөн эмес. Эксперттер америкалыктар элчиликтин жаңы имаратын курууга КРге "демократия" кыштарын жана "эркиндик" арматураларын алып келип жатат деген пикирлерин айткан.

Ищенко америкалыктар эч жашырынбастан эле Кыргызстанга оор жана бир топ көлөмдүү жүктөрдү алып кирип жатканын, коомчулук кезектеги төңкөрүлүш даярдалып жатабы деп тынчсызданганын белгиледи. Анын айтымында, АКШ Кыргызстанда төңкөрүш жасоо аракетин жасайт деген кооптонуу бар, себеби өлкө Россиянын интеграциялык долбоорлоруна катышууда жана РФтин АКШ менен тирешүүсүндө колдоо көрсөтүп жаткан Казакстан менен Кытайга чектеш орун алган.

"Ошентсе да, "Манас" аэропортуна келген Американын жүгүн төңкөрүшкө даярдык менен байланыштырбайт элем. Козголоңчуларга эмне керек? Акча, курал, үгүт адабияттары керек. Акчадан башканын баарын жеринде эле тапса болот. Ал эми долларды америкалыктар тонналап алып келип жатат дегенде да, бул жолку жүктөгү акча Кытайда төңкөрүш жасоого жетип, дагы жарымы ашып калмак", — деп эсептейт россиялык эксперт.

Анын маалыматына караганда, өзүнүн түстүү төңкөрүштөрү үчүн полиграфиялык продукцияны АКШ дайыма жеринде уюштурат. Океандын ары жагынан диппочта менен курал ташып келүүнүн кажети жок, аны жакын турган Тажикстандан же Афганистандан эле сатып алса болот.

Ищенко азыр АКШнын көңүлү оппозиция жандана баштаган Арменияга бурулган дейт. 

"Бир мезгилде эки төңкөрүш жасоо аракетин көрүүгө алар батынат деп ишенбейм, бирок андай да болушу мүмкүн", — дейт алдын ала божомолдоо борборунун президенти.

Тортто жайгашкан АКШ желектери. Архив - Sputnik Кыргызстан
ТИМ: КРге дипломатиялык жүктүн келиши боюнча АКШ элчилигинен нота түшө элек
Ал америкалыктар КРдеги элчилигине аларды угуп-тыңшоолорго жол бербей турган, бирок башкалардын корголгон байланыштарын жашыруун тыңшоого мүмкүндүк берүүчү жабдыктарды алып келиши мүмкүндүгүн четке какпайт. Бул Борбордук Азиянын аба мейкиндигине да көз салуучу эки максаттагы жабдык болушу ыктымал дейт ал. 

Анын айтымында, АКШ элчилигине эмне алып келинбесин, бир гана нерсени так айтууга болот: Америкадан жакшы нерсе келбейт. Алар Кыргызстанда төңкөрүш уюштурбайт деген күндө да күзгү шайлоонун шылтоосу менен баары бир жабык маалыматтарды топтошот. Америкалыктар Кыргызстандын аймагын коңшуларга каршы иштер үчүн плацдарм катары да пайдаланышы мүмкүн деп белгиледи Ищенко.

Жаңылыктар түрмөгү
0