Сайра Момунбаева: Атайга, Омарга арнап тиккен кийимдер ак жолтой болду

© Sputnik / Михаил РогожинАктриса, уз жана ишкер Сайра Момунбаева. Архив
Актриса, уз жана ишкер Сайра Момунбаева. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргыздын улуттук кийимдерин тигүүгө адистешкен, кыргыз шоу-дүйнөсүнүн бир топ өкүлдөрүн концерттик костюм менен камсыз кылган Сайра Момунбаева Sputnik менен болгон маегинде өзүнүн чеберчилиги жөнүндө айтып берди. Актриса, уз жана ишкер Сайра айым кийим тигүү, оюу түшүрүү өзүнчө туюмду, таза энергетиканы талап кылаарын белгиледи.

— Колуңуздан чыккан костюмдарды кыргыз шоу-дүйнөсүнүн көп өкүлдөрү кийип жүрөт, сиздин тиккен кийимдер ийгилик алып келет дешет экен. Бул туурасында өзүңүздөн уксак?

— Бизге чыгармачыл чөйрөдөгү адамдар, ырчылар, бийчилер тиктиришет. Акыркы жаңы костюмдарды ырчы Мирбек Атабековго, аны коштогон бийчилер тобуна, Нурлан Насипке жана "Достор" тобуна тиктик. Андан сырткары Кыргызстандагы бир топ бийчи кыздар, балдардын топторунан буюртмалар арбын түшүп турат. 

Кыргыздын боз үйү Бонн шаарынын борборуна тигилди
Ал эми жанагы сиз айткан ак жолтой дегенге мен да кошулам. Ырчыларыбыздан Омарга концерттик костюмду тиккенде "бысмылда" деп, жакшылык тилеп, ниет кылганбыз, ал эл аралык фестивалда Алла Пугачеванын "Алтын жылдызын" алып келди. Бийчи жигитибиз Атай Өмүрзаковдун костюмун даярдап жатканда улам тиленип, ийгиликтер болсун деп изги тилек кылганбыз, ал топ жарып, дүйнөнүн көп өлкөлөрүндө жылдыздай жанды. Алгач бийлеп чыкканда Чарли Чаплиндин, Гусардын кийимин тигип бергенбиз. Кийин Чехияга барганда ырым кылып кызыл костюмга Күн менен кыргыз желегинин эскизин түшүрүп, анын энергетикасына байланыштырдык.

— Чыгармачылыгыңызда табият менен адамдын байланышын карайт экенсиз да?

— Ооба, байланышпаса болбойт. Ар бир оюу, сайманы түшүрүп жатканда адамдын мүнөзүнө, кайсы жылдыздын алдында төрөлгөн, ошону эске алып, байланыштырып, кыргыздын философиясына сиңирип жасаганга аракет кылабыз. Кээ бир адамдар бир көргөндө, кадыресе эле оюу деп коюшу мүмкүн. Ал эми оюну түшүнө билген адамга ар биринин өзүнүн мааниси, чечмелениши бар.

© Sputnik / Михаил РогожинАктриса, уз жана ишкер Сайра Момунбаева.
1/5
Актриса, уз жана ишкер Сайра Момунбаева.
© Sputnik / Михаил РогожинКийимди бычуу чеберчиликти талап кылат.
2/5
Кийимди бычуу чеберчиликти талап кылат.
© Sputnik / Михаил РогожинКийимдер жакшы тилек, илгери үмүт менен тигилет.
Кийимдер жакшы тилек, илгери үмүт менен тигилет. - Sputnik Кыргызстан
3/5
Кийимдер жакшы тилек, илгери үмүт менен тигилет.
© Sputnik / Михаил РогожинДаяр улуттук кийимдер.
Даяр улуттук кийимдер. - Sputnik Кыргызстан
4/5
Даяр улуттук кийимдер.
© Sputnik / Михаил РогожинКыргыз улуттук баш кийимдери
5/5
Кыргыз улуттук баш кийимдери
1/5
Актриса, уз жана ишкер Сайра Момунбаева.
2/5
Кийимди бычуу чеберчиликти талап кылат.
3/5
Кийимдер жакшы тилек, илгери үмүт менен тигилет.
4/5
Даяр улуттук кийимдер.
5/5
Кыргыз улуттук баш кийимдери

Чынын айтканда, эртең менен турганда же ишти жасап жатканда, эй жараткан, ушул көйнөктүн ээсине жакшылык бер, буюргулуктуу болсун, ийгиликтерди алып келе көр деп жакшы тилектеримди айтам. Кыздарга да "ар бир ишти жасап, тигип жатканда жакшы маанай менен кармап, көңүлүңөр менен тиккиле" дейм. Киши кандай маанай менен жасаса да, ошол энергетика буюмга өтөт, анан албетте, анын ээсине, кийген адамга да таасирин тийгизет. Бычып, оюу түшүрүп же саймасын сайып жаткандабы, сөзсүз жакшылыкка ниет кылам. Оң энергетика, жакшы аура менен тиксе, ал буюм албетте, жакшылыктарды алып келет. 

— Эмне үчүн улуттук кийимдерди тигүүгө басып жасап калдыңыз, дегеле узчулук өнөрдү кантип аркалап алдыңыз эле? 

Тазар кинокомпаниясынын жетекчиси Темир Бирназаров. Архив - Sputnik Кыргызстан
Темир Бирназаров: азыркы жеңил-желпи фильмдер коомдун жүгүн аркалай албайт
— Тукумубуз илгертеден эле уздук, усталык кылып келген. Атамдын темир, жыгач усталыгы Сүйүналы аттуу байкеме, ал эми апамдын уздугу мага өттү. Апам биздин аймактагы баш кийимден тарта сырт кийимдерге чейин мыкты тикчү. Тебетейлерди чыкыйта кебин келтире кармачу. Азыр эстесем, сантиметр дебей эле укум, карыш, бычым деп эле эсептеп алчу. Куракты майын чыгара курачу. Мени менен кичине кезимден эле кеңешип, өңдөрдү тандап калчу. Кичинекей кезимде баладай болуп көп ойногон жокмун. Жүн тытчубуз, апам башыңдан ашырып тытсаң, көктөн көк мончок түшөт десе эле тирмийип отуруп алып тыта берчү экенмин. Бала экенбиз да, ал мончокту кантип гана кыялданбадым… Канча мончок түшөт болду экен, бирөөбү же жипке тизилип түшөбү, өңү тунукпу, көкпү, жылтыракпы деп айтор, абдан ойлончумун. Тыткан жүн кабатталып, чоңоюп келе жатса, апам "иий, алдыңа кетейин, жеткени калганы тура" деп жүндү басып койсо, кайра жалпайып калаар эле. Ошентип, көктөн мончок да түшкөн жок, жүн төбөмдөн да ашкан жок (күлөт). Бирок, анткен менен ошентип көгөрүп жүрүп, апамдын кол өнөрчүлүгүнүн баарын өздөштүрдүм. Азыр Кудайга шүгүр, мончоктун агын да, көгүн да тагынып, керек болсо, элге да тагып берип жатабыз. 

— Анан кантип узчулук өнөргө өтүп кеттиңиз?

— 1998-жылы тигүү тармагына өтүп, бирок, театр менен биргеликте алып кете алган жокмун. Цехти иштетип жүрүп, спектакль мына-мына башталат дегенде гриммге чуркап келип отуруп, көшөгө ачылат дегенде, аптыгып даяр болуп, канча тил уккан күндөрүм болду. Анан узчулукту таштап, болбой эле көңүлүм сүйгөн театрга кеткен элем. Анан кийин кайра кол өнөрчүлүккө өттүм. Азыр сахнаны сагынам. Бир ирет сахнага чыксам, бир нече күндүк энергия менен жүрөм. Иштеп жатып эле театрды эстейм. Ал өнөрдөн кеткенден кийин эч кимге айтпай эле букулдап ыйлачумун. 

— Азыр эми ыйлабай калдыңыз да, анын үстүнө киного да тартылып жүрөсүз?

— Эстегенде азыр деле ыйлайм (күлдүк). Театрга, сахнага болгон сүйүүмдү эч нерсе менен алмаштыра албайт экенмин. Нарындагы Муратбек Рыскулов атындагы музыкалык драма театрында иштеп жүргөндө бир жерибиз ооруп, сыркоолоп калсак, Койсун Карасартова баштаган актриса эжелер, "ай, сахнага чыга калчы, ооруганың тарап кетет" дешсе, ишенбейт элем. Көрсө, сахнанын касиети бар деген чындык экен. 

КВН. Архив - Sputnik Кыргызстан
"Азия MIX" командасынын капитаны: сахнага палоо алып чыгууну Масляков сунуштады
Ооба, азыр киного тартылып жүрөм, бирок, театр менен кинодо роль ойногон таптакыр башка. Сахнада энергетика башка, ал жерде маңдайыңда жандуу адамдар отурат, ал эми кинодо өзүңөр билесиңер, камерага иштейсиң. Кийин өзүңдү экрандан көрүп каласың. Алгач ирет "Айыл өкмөтүнө", кийин "Боз салкынга" тартылдым. Учурдан пайдаланып, Эрнест Абдыжапаровго мени кинодон ачкандыгы үчүн ыраазычылык билдире кетем. 

Ал эми азыркы ишиме канааттанам. Бул өзүнчө чыгармачылык, ойлонуу, түйшөлүү. Кээде бир кийимди он күнгө чейин тигебиз. Жакшы костюм жаратсам, өзүм кийчүдөй болуп, канат байлап, кадимкидей эргип калам.

Жаңылыктар түрмөгү
0