Эксперт: ШКУ менен ЕАЭБ бири-бирин толуктайт

© Sputnik / Виталий Белоусов / Медиабанкка өтүүШКУ жана ЕАЭБ мамлекеттеринин желектери. Архив
ШКУ жана ЕАЭБ мамлекеттеринин желектери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Экономика маселелери боюнча адис Нургүл Акимова Улуу Жибек Жолу экономикалык тилкени түзүү жөнүндө демилге ШКУ менен ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн ортосундагы байланышты бекемдөөгө көмөк болот деп эсептейт.

БИШКЕК, 7-июнь — Sputnik. Июль айында Уфада өтө турган Шанхай кызматташтык отуруму Кыргызстан Бажы биримдигине кирердин жана ЕАЭБ толук кандуу институт катары түзүлөрдүн алдында өтө символикалык мааниге ээ экендигин Sputnik кабарчысына экономика маселелери боюнча эксперт Нургүл Акимова билдирди.

ШКУ мамлекеттеринин атайын даярдыктагы аскерлеринин биргелешкен машыгуусу
Шаршемби күнү Москвада ШКУ өлкөлөрүнүн тышкы иштер министрлеринин конференциясы болуп өткөн. Жолугушууда дипломаттар уюмдун ар тараптуу өз ара иш-аракеттерин жакшыртуу жана андан ары өнүктүрүү, ШКУнун эл аралык жана ймактык иштердеги ролун жана ордун жогорулатуу маселелрин талкуулашкан.

Акимованын пикиринде, ШКУ менен ЕАЭБ бири-бирин толуктайт. Мисалы, ШКУ Жибек Жолу экономикалык тилкенин алкагындагы долбоор менен бирге Борбордук Азия өлкөлөрүнүн транспорттук-логистикалык инфраструктурасын камсыз кылат.

"Бул улуттук кызыкчылыктар үчүн ишкердик аракеттерин жандандырууга өбөлгө болот. Улуу Жибек Жолунун экономикалык тилкеси аймактын экономикалык жагымдуу таасирин жана эртеңкиге богон ишеничин камсыз кылат. Азыр бул мидетти өзүнө мурдатан калыптанып калган ЖККУ институт өзүнө алган", — деди эксперт.

Ал ЕАЭБге кирген өлкөлөр биргелешкен тышкы сооданы, инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруу эрежелерин, эмгек жана капиталдар рыногун жөнгө салуу аракеттерин өз ара шайкештетүүлөрү өтө зарыл деп эсептейт. 

"Кыргызстан үчүн ЕАЭБ экономика секторлорунда ири долбоорлорду баштоочунун ролун ойнойт. Бул биринчи кезекте энергетикага жана айыл чарбасына тиешелүү", — деп эсептейт Акимова.

Анын пикиринде, ШКУ координатордук милетти өзүнө алып, жалпы транспорттук-логистикалык рыноктун өнүгүсүнө колдоо көрсөтө алмак.

"Транспорт байланыштарын жаңыртуу ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ортосундагы өз ара сооданы күчөтүп, инвестициялык жагымдуулугун арттырат. Ошондой эле АӨР, ПРООН ж.б. үндөш максаттарды көдөөчү эл аралк башка институттар менен өз ара аракеттешүүлөрдү да өнүктүрүү чоң мааниге ээ болот", — деп баса белгилейт экономист.

ШКУнун катчылыгынын имаратында "Бишкек" жыйындар залы ачылды
Шанхай кызматташтык уюму (ШКУ) — 2001-жылы Кытай, Россия, Казакстан, Тажикстан, Кыргызстан жана Өзбекстан мамлекеттеринин башчылары тарабынан уюшулган аймактык эл аралык уюм. Өзбекстандан башка аталган бардык өлкөлөр аскер тармагында ишенимди бекемдөө жана чек араларда куралдарды өз ара кыскартуу жөнүндө 1996-1997-жылдардагы келишимдердин негизинде түзүлгөн "Шанхай бешилигинин" катышуучулары болчу. 

Быйыл ШКУда Россия төрагалык кылууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0