"Азия MIX" командасынын капитаны: сахнага палоо алып чыгууну Масляков сунуштады

© Sputnik / Михаил Климентьев / Медиабанкка өтүүКВН. Архив
КВН. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Катуу цензура, оюндун сахна артындагы сырлары жана палоо жөнүндө Элдияр Кененсаров Sputnik кабарчысы менен маегинде айтып берди.

КВНдын катышуучулары. Архив - Sputnik Кыргызстан
"Азия MIX" командасы КВНдын быйылкы сезонунун жарым финалына чыкты
Казакстанда иштеп, Россия үчүн сценарий жазып жана Кыргызстан үчүн ойноочу команданын капитаны Элдияр Кененсаров Sputnik кабарчысы менен команданын келечеги туурасында ой бөлүштү.

Бишкектин "Азия MIX" командасы КВНдин Жогорку лигасынын чейрек финалында өз тобунун арасынан биринчи орунга чыгып, оюндун жарым финалына чыкты. Россиянын биринчи каналы оюнду 29-майда көрсөткөн.

— Чейрек финалда жеңип чыкканыңарды жарыялаганда кандай сезимдер пайда болду?

— Эч нерсеге кызыкпай, кандайдыр бир кайдыгерликти сездим. Тынчсыздануу жоюлуп, жеңилдегендей болуп калдым. 

— Кийинки оюн кайсы багытта өтөт? Алдын ала божомолуңар, сценарийлер барбы?

— Азырынча эч нерсе жок, бирок оюндун мүнөзү биздин жазганыбызга жана Александр Васильевичке жараша болот. Оюндун негизги багытын аныктоочу адам ошол.

— Ал өзү сценарий жазабы?

— Албетте, жазбайт. Биз өзүбүз жазабыз, бирок Александр Васильевич талкууга өзү катышып, кеңеш-жардамын берип, кай бир жерлерин оңдоп да турат. Бир нерсе сунуштаган учурлары көп болот. Мисалы, калыстарга палоо алып чыгууну Масляков өзү сунуштаган. Менин көз карашымда, ал биздин оюндун көркүн ачкандай эле болду. 

— Башка командалардын мүчөлөрү, редакторлор, уюштуруучулар силерге кандай карайт?

— Дурус, биздин команданы жакшы көрүшөт десем да болот.

— Редакторлордун талабы катуубу? Жана цензура барбы?

— Албетте, цензура бар. Ансыз биз айтпаганды айтып жибербейбизби (күлөт). Бирок цензура болгону менен, биз биринчи кезекте өзүбүзгө жакканды көрсөтөбүз. Бул суроого туура караш керек. Биринчи кезекте телеберүүнүн өз форматы жана эрежелери бар, жана биз КВНдин редакторлоруна толук ишенебиз. 

Түркиядагы кыргызстандыктар КВН ойношту
Муну көрсөткүлө, тигини көрсөтпөгүлө деген буйрук жок. Тескерисинче, кеңеш түрүндө – бизге кошумчаларын айтып, толуктап турушат, биз болсо алардын каалоо-ниеттерин эске алуу менен андан ары иштейбиз.

Ооба, башында көнө албай, алардын оңдоп-түзөөлөрү бизге катуу сезилген. Бирок баарыбыз чогуу КВН деп аталган бир телеберүүнү жасап жатканыбызды түшүнгөндөн кийин редакторлорго кесиптеш, бир команда катары карап калдык. 

— Бул сезондо жеңишке жетебиз деген мүмкүнчүлүгүңөрдү кандай баалайсыз?

— Ушундай эле жакшы иштесек, жеңишке жетүү мүмкүнчүлүгүбүз бар. Бирок оюндун жыйынтыгы көп факторлорго жараша болот: команданын маанайы — албетте, балдар оюнду сагынганга үлгүрүп калышат, команданын ар бир мүчөсүнүн эмоциялык жана ден соолук абалы да буга таасир берет. Буюрса, татыктуу оюн көрсөтүү үчүн даярданабыз. 

— Социалдык түйүндөрдө мигранттарга байланышкан тамашалар жөнүндө көп пикирлер айтылууда. Аларды дагы улантасыңарбы?

— Канча адам болсо, пикир да ошончо болот эмеспи. Акыркы үч оюнда бул тема боюнча бир да тамаша кылган жокпуз. Бирок ал актуалдуу болсо, дагы көрсөтөбүз. 

— Эмне үчүн КВН ойнойсуз? Бул сизге эмне берет?

— Бул дайыма мен үчүн хобби болчу, жана мага жакпай калганга чейин ойной берем. "Азия MIX" оюну кыргыз элине кубаныч тартуулоодо, биздин команда ойноп жеңишке жетиши жагымдуу сезимдерди чексиз жаратат. Эл биз менен сыймыктанып жатышына биз кубанычтуубуз.

— Азыр кайда иштейсиз? Жана КВНге тиешеси жок долбоорлоруңуздун абалы кандай?

— Биз Кыргызстанда чынында иштебейбиз — Россия үчүн жазып, Казакстан үчүн сериал даярдайбыз. Азырынча бир орунда турбайбыз. 

— Башка жакка кетейин деген оюңуз жокпу?

— Мага эбак эле Россиянын да, Казакстандын да жарандыгын сунушташкан. Ошон үчүн мен паспортумду алмаштырганга мүмкүнчүлүгүм бар. Бирок мага мунун кереги эмне? Мен кыргыз паспорту менен деле каалаган өлкөдө акча таап, убактымды пайдалуу өткөрө алам. Паспортумду алмаштырайын деген оюм жок.

Жаңылыктар түрмөгү
0