Мальцев: уралдыктар Европанын ордуна Кыргызстанга эс алууга келет

© Sputnik / Владислав Ушаков / Медиабанкка өтүүЫсык-Көлдүн жээги. Архив
Ысык-Көлдүн жээги. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
КР туризм үчүн биринчи кезекте бааларынын чакандыгы, жумшак климаты жана канааттандырарлык тейлөөсү менен жагымдуу. Анан калса, россиялыктардын көпчүлүгү үчүн 2015-жылы Европада эс алуу кымбатка турат.

БИШКЕК, 14-апр. — Sputnik. Быйыл эс алуучу жай катары Европанын ордуна Кыргызстанды тандап ала турган уралдыктардын саны өсөт деп билдирди Sputnik менен маегинде Уралдын туризм ассоциациясынын директору Михаил Мальцев.

Россиялык туристтер ушул багытты артык көрөт, себеби КР эс алуу үчүн ыңгайлуу шарттарды сунуштай алат. Атап айтканда, РФтен туристтерди баалардын төмөндүгү кызыктырат. Анткени азыр көпчүлүктүн Европа, Түштүк-Чыгыш Азия жана Латын Америка өлкөлөрүндө кымбат баага эс алууга мүмкүнчүлүгү жок. 

"Талдоолорду жүргүзгөндөн кийин алыскы чет өлкөлөрдө эс ала турган россиялыктардын саны 30 пайызга кыскарып, Кыргызстан менен Беларуссия тарапка агым күч ала турганын аныктадык", — дейт Мальцев.

КР туризм үчүн биринчи кезекте бааларынын чакандыгы, жумшак климаты жана канааттандырарлык тейлөөсү менен жагымдуу деп кошумчалады ал. Көбүнчөсү респубилкага мурдатан келип эс алып жүргөн туристтер кайра дагы келишет. Анан калса, алар өз достору менен жакындарын да ала келишет. 

"Деги эле бизде Екатеринбургдагы кыргыз консулчулугу менен иш жакшы жөнгө салынган үчүн Кыргызстан жна Ысык-Көл уралдыктардын арасында жакшы белгилүү. Өз мүмкүнчүлүктөрү чектелүү экенине карабай, консулчулукта туристтерди тартуу боюнча чоң иш жүргүзүшөт", — деп баса белгиледи ассоциациянын директору.

Россиялык туристтердин келиши июндун аягынан баштап августтун ортосуна чейин күтүлүүдө. Орто эсеп менен алардын ар бири КРде 34 миң рубльга чейин акча калтырат.

Мальцев төмөн баалардын сакталышына аба аркылуу туристтерди ташуучулардын ортосундагы атаандаштык да таасир кылат дейт. Анын айтымында, авиакомпаниялар азыр Тамчы аэропортуна чартердик каттамдарды ачууну талкуулап жатышат. 

"Туристтер үчүн Бишкекке конуп, анан дагы төрт саат жол жүргөндүн ордуна, эс алуучу жерге түз учуп баруу өтө ыңгайлуу болот", — деп белиглейт туризм боюнча эксперт.

Уралдык инвесторлор Ысык-Көлдүн түштүк жээгинде мейманканаларды жана инфраструктураны өнүктүрүүгө кызыга баштаганын кошумчалады ал. Жакынкы арада россиялыктар бул жакка инвестициялоонун келечеги менен таанышуу үчүн келишет. 

"Жергиликтүү калк да бизди колдосо дейбиз. Менин билишимче, өлкө ЕАЭБге кошулгандан кийин мындай шарт болот", — деди Мальцев.

Ал россиялыктарды көлдө эс алуудан тышкары, кыска жүрүштөрдү уюштурууга боло турган башка тарыхый жерлер, ошондой эле экотуризм кызыктыра тургандыгын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0