Ирсалиев: документке кол коюдан баш тартканым үчүн кызматтан кеттим

© Фото / пресс-служба ФГИ КРИрсалиев Дуйшон Исмаилович. Архив
Ирсалиев Дуйшон Исмаилович. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
ММБФтин мурдагы башчысы Дүйшөнбек Ирсалиев Centerra Gold Inc. директорлор кеңешине мүчө болууну каалагандардын артында Максим Бакиевдин кишилери турушу ыктымал деп эсептейт.

БИШКЕК, 9-апр. — Sputnik. Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун мурунку төрагасы Дүйшөнбек Ирсалиев ал Кыргызстанга зыян келтире турган документке кол коюудан баш тарткандыгы үчүн кызматтан алынганын билдирди.

Портфель. Архив - Sputnik Кыргызстан
Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун башчысы Ирсалиев отставкага кетти
Кабинет башчысы Жоомарт Оторбаев бейшембиде өткөн маалымат жыйынында Дүйшөнбек Ирсалиевди кызмат ыйгарымдарынын чегинен ашып кеткендиги үчүн иштен алганын айтты.

Ирсалиев тараткан кайрылууда сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө айрым бир адамдардын кызыкчылыгы алдыга жылдырылып жатат деген оюна негиздер бар деп айтылат. Алсак, Оторбаев Ирсалиевге Centerra Gold Inc. компаниясынын директорлор кеңешине көз карандысыз мүчө катары шайлоо үчүн төмөнкү чет элдик жарандарды сунуштоо жөнүндө 2-апрелде жазылган катты киргизүүнү тапшырган:

1. Лорд Кланвильям (Улуу Британия).

2. Мартин Грехэм (Улуу Британия).

3. Боб Букан (Канада).

4. Питер Холодный (АКШ).

5. Павел Скитович (АКШ).

6. Дияр Канашев (Казакстан).

7. Мария Черновалова (Канада).

"ДКнын көз карандысыз мүчөсүнө талапкер катары мага КРдин жараны Кылычбек Шакировди киргизүү тапшырылган. Белгилей турган нерсе, кыргыз тараптан директорлор кеңешинин азыркы мүчөлөрү Калинур Садыров жана Эмил Орозбаев көрсөтүлүүдө. Кайдан-жайдан пайда болгону белгисиз талапкерлерди иликтеп, билүүгө мага убакыт берилген жок жана катты бир күндө киргизүү тапшырылган", — деди Ирсалиев.

Аталган жарандар чет мамлекетте республиканын кызыкчылыктарын коргой турганына күмөн санаган үчүн алардын талапкерлигин Centerra Gold Inc. компаниясынын директорлор кеңешине андан ары шайлоого киргизүүдөн баш тартканын кошумчалады. Фонд аталган маселе жана жогорудагы талапткерлер өкмөт тарабынан кошумча иликтелип, КРдин улуттук кызыкчылыктарын эске алуу менен каралышын талап кылган. 

"Бирок анын ордуна премьер-министр мени иштен четтетип, милдетимди аткарууну өзүнүн "өкүл баласы", менин орун басарым Азамат Абдыбековго тапшырып койду", — дейт ММБФнын мурдагы башчысы.

Ал муну рейдердик басып алуучулк катары сезип жатканын, аталган адамдарды дайындоонун артында эл аралык каржы топтору турушу мүмкүндүгүн кошумчалады. 

"Мисалы, алар Максим Бакиевдин, Жордж Соростун же башка дагы олигархтардын кишилери болушу ыктымал. Мен жаңылышып да жаткандырмын, алар ак ниет адамдар болушу да мүмкүн. Бирок мен болгону маселени тереңирээк иликтеп, рейдердик басып алуучулукка жол бербөөнү же баарын иликтөө үчүн мага убакыт берүүнү гана сурангам. Мага убакыт беришкен жок", — деп баса белгиледи Ирсалиев.

Ал Centerra Gold Inc. директорлор кеңешине кыргызстандыктар ишене турган жана Кыргызстандын улуттук кызыкчылыктарын алдыга коюп, аларды  коргой турган адамдар шайланса деген тилегин билдирди.

Жаңылыктар түрмөгү
0