Ислам мамлекетинин идеологиясынын "гүлдөгөн" доору өтүп бара жатат

© Фото / Вадим АспинЭдиль Осмонбетов. Архивное фото
Эдиль Осмонбетов. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандык эксперт Ислам мамлекетинин идеологиясы "гүлдөп турган" мезгил өтүп бара жаткандыгын, бул уюмдун Борбор Азияда күчтүү колдоого ээ болушу үчүн эч кандай идеологиялык же социалдык себептер жоктугун айтты.

БИШКЕК, 31-мар. — Sputnik. Эл аралык иштер боюнча эксперт Эдил Осмонбетов "Ислам мамлекети" тобу үгүттөп жаткан радикалдык иш-аракеттер колдоого ээ болбойт деп эсептейт, бирок радикалдуу идеялар социалдык-экономикалык көйгөйлөр күч алган, жашоо деңгээли жана диний сабаттуулук төмөн жерлерде гүлдөп өрчүй тургандыгын эскертет.

Талдоочу "Ислам мамлекети" (ИМ) топторунун Афганистанда КМШ мамлекеттерине чектеш жерлерге жылып жаткандыгына байланышкан маселелер боюнча Sputnik сайтынын кабарчысына айтып берди.

— Тажикстандын чек арасына жакын аймактарда быйыл январда Афганистанда пайда болгон ИМ топтору жандана баштаганы белгилүү.

Директор независимого аналитического центра Религия, право и политика Кадыр Маликов - Sputnik Кыргызстан
Маликов: Түркмөнстан ИМ коркунучу алдында Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен эң алсызы
— Афганистанда ИМ желегин көтөргөн топтор пайда болуп жандана баштаганы тууралуу маалыматты Афганистандын атайын кызматтары жана бир катар дүйнөлүк ЖМКлар ырасташкан. "Ислам мамлекети" — "Аль-Каидага" же "Талибанга" караганда бир топ жаңыланган жана кубаттуу уюм. Бүгүнкү күндө ИМдин алдында өз "ээликтерин" падышалык принцип боюнча мүмкүн болушунча кеңейтүү милдети турат. Ошон үчүн алар Афганистанда, Борбордук Азияда болобу же бул үчүн ыңгайлуу шарттар бар дүйнөнүн каалаган жеринде бардык аракеттерин жасашат.

Бирок аталган экстремисттик кыймыл Борбордук Азияда күчтүү колдоого ээ болушу үчүн идеологиялык да, социалдык да себептер жок деп ойлойм. Мындай күчтөргө каршылык көрсөтүү жагынан Афганистандын атайын кызматтарынын тажрыйбасы чоң. Анан калса, талаа командирлери дегендер бар, алар кырдаалды жакшы көзөмөлдөп турат жана аны солгундатууга эч кимге жол беришпейт. АКШ афган аскерлерин колдоого 4 миллиард доллар бөлүп берүүнү чечкендиги жана атайын кызматтагы 10 миң америкалык жоокер өлкөдө дагы эле болушу ИМге олуттуу бөгөт болот деп ойлойм. 

"Ислам мамлекетинин" Борбордук Азиядагы кыймылына Иран да чоң бөгөт болот. Ошону менен бирге Ирактын өзүндө аталган маселени жөндөштүрүп же, ал тургай, жок кылууга да алы жете турган суниттер менен шейиттер тобу көп экендигин эстен чыгарбаш керек. 

Идеологиялык жагын да эске алуу керек. ИМдин идеологиясы "гүлдөп турган" мезгил өтүп баратат. Анткени "Ислам мамлекетинин" идеялары өтө эле агрессивдүү түрдө берилүүдө: ырайымсыз көз көрүнө киши өлтүрүү, эч бир келишпестик жана башка факторлор. Алар кандай гана идеяны сунуш кылбасын, ал жаңы жолдоочулары үчүн биринчи кезекте жагымдуу болушу керек. Анан калса, идеяны жайылтууга чоң каражаттар таралап кылынат, ИМ үчүн аны бөлүп берүү кыйын болот деп ойлойм. 

Демонстранты держат флаг Исламского государства Ирак и Левант (ISIL) во время демонстрации против военной операции Израиля в секторе Газа - Sputnik Кыргызстан
"Ислам мамлекети" КМШнын чек араларына жакындап келди
Борбор Азияда ич жагынан колдоо таба алса гана ИМ өз абалын бекемдей алат, жана ошондо биздин аймак үчүн чыныгы коркунуч жаралат. Баарынан да экстремисттик көз караштагы адамдар кооптонтот. Себеби аларды азгырып алып кетип, чыр-чатак жүрүп жаткан аймактарга жиберип жатышат. Радикалдуу идеялар социалдык-экономикалык көйгөйлөр күч алган, жашоо деңгээли жана диний сабаттуулук төмөн жерлерде гүлдөп өрчүй тургандыгын эстен чыгарбоо керек.

Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев атайын кызматтардын ишине, дин саясаты жаатындагы алдын алуучу иштерди күчтөндүрүүгө өзгөчө көңүл бурушу эң туура. 2015-жылдын март айынан тартып республикада ИМдин иш-аракеттерине тыюу салынышы эң туура жана өз убагында кабыл алынган чечим болду деп ойлойм. Бүтүндөй Борбордук Азия үчүн азыр ички стабилдүүлүк баарынан маанилүү. Репрессивдүү иш-аракеттер гана эмес, гуманитардык жана диний тармактарда идеологиялык иш формаларын да иштеп чыгуу зарыл. 

Кайталап коёюн: элди тиги же бул ойго ынандырып, аң-сезиминде төңкөрүш жасап, андан соң активдүү кыймыл-аракеттерге түртө турган адамдар баарынан коркунучтуу болот.

— Түркмөнстан бийлиги аскерлерин көбөйтүп жатышы тууралуу бир катар ЖМКларда пайда болгон маалымат боюнча кандай оюңуз бар?

— Муну ырастай турган менде фактылар жок, ошондуктан бир нерсе айтуу кыйын. Түркмөнстан — жабык мамлекет эмеспи, ошондуктан мындай маалымат расмий болушу керек.

Бирок, кыязы, Ашхабадды өзүнө чектеш Афганистандын чек арага жакын аймактарында болуп жаткандар тынчсыздандырат. Мында бир терс көрүнүш бар — Түркмөнстан маселени өз алдынча чечүү аракетин көрүүдө. Аскер күчтөрүн көбөйтүү — алдын ала көрүлүүчү чара, бирок, тилекке каршы, маселени жалгыз чечүү мүмкүн эмес. Кантсе да, эл аралык терроризм глобалдуу көйгөй, аны жалпынын күчү менен гана жеңүүгө болот. Мында глобалдуу иш-аракеттер талап кылынат.

— Борбор Азияда кошумча базаларды түзүү менен Россиянын аскердик күчтөрүн көбөйтүүнүн кереги барбы?

Серепчи: кыргызстандыктар ИМде эмес, Россияда кызмат өтөгөнү жакшы
— Буга азыр эрте деп эсептейм. ИМдин кокунучунун өз бөтөнчүлүгү бар жана аскердик чыр-чатак түз, ачык болбойт деп ойлойм. Менимче, мобилдүү атайын бөлүмдөр талап кылынат. Андыктан, менин көз карашымда, аймакта аскер объекттерин түзүү — эң башкы милдет эмес.

Борбор Азия өлкөлөрүнө жеке аскердик курамдарын кайра даярдоо жана кайра куралдандыруу иштеринде көмөк көрсөтүү көбүрөөк натыйжа бермек. 

Ал эми евразиялык интеграция алкагында чоң социалдык-экономикалык долбоорлорду түзүү, натыйжалуу ишкердик жүргүзүү, өндүрүштөрдү, заводдорду ачуу жана эркин соода-сатык кылуу экстремисттик идеялардын жайылышына баарынан күчтүү бөгөт болот. Дагы бир жолу айтайын дегеним, социалдык-экономикалык көйгөйлөр курч алып, калктын турмуш деңгээли жана диний сабаттуулугу төмөн болгондо гана андай идеялар үчүн жакшы шарт түзүлөт.

"Ислам мамлекети" жөнүндө маалыматты толугу менен Sputnik даярдаган инфографикадан көрсө болот >> 

Жаңылыктар түрмөгү
0