Грузиялык серепчи: Кыргызстан өлкөдөгү абалды чайпалтабыз дегендерге даяр болуш керек

© Фото / Гулбаат РцхиладзеГулбаат Рцхиладзе
Гулбаат Рцхиладзе - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ыңкылапка алып келүүчү шарттар Кыргызстанда жок, бирок абалды туруксуздаштыруу аракеттери болот деп эсептейт грузиялык саясат таануучу Гулбаат Рцхиладзе. Анын айтымында, эң башкысы азыркы бийлик Аскар Акаев менен Эдуард Шеварнадзенин каталарын кайталабашы керек дейт ал.

БИШКЕК, 24-мар. — Sputnik. 24-мартта президент Аскар Акаевдин бийликтен кетишине себеп болгон "жоогазын ыңкылабына" он жыл толот. Бул окуяга байланыштуу Sputnik сайтынын кабарчысынын суроолоруна Грузиядагы Евразия институтунун жетекчиси, саясий илимдердин кандидаты Гулбаат Рцхиладзе жооп берди.

— Революция сыяктуу саясий окуяларга кандай карайсыз?

Кыргыздар эркиндикти сүйгөн улут катары таанылып калды. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргыздар эркиндикти сүйгөн улут катары таанылып калды — казакстандык эксперт
— Мен деги эле бардык революцияга терс мамиледемин. Менин билишимче, тарыхта өлкөгө жеңилдик алып келген бир гана революция болгон, ал да анча тынчтык жолу менен ишке ашпай калган. Бул Ирандагы ислам ыңкылабы. Калгандары менин көз карашымда, өлкөгө кыйроолорду жана жашоо шарттарынын начарлашын алып келген. Силерде Кыргызстанда да ошондой болду.

Мен бул жакта Грузияда туруп баамдашымча, президент Аскар Акаев дурус иштеген. Албетте, ал кандайдыр бир мүчүлүштүктөрдү кетирген. Себеби, адам бийликте узак отурганда, кайсы бир каталарды кетирет да. Бирок жалпысынан анын ишмердүүлүгү Кыргызстандын тарыхында бийликти алмаштыруу боюнча ушунун баарын жасаган революциячыларга караганда оң бааланып калат деп ойлойм. 

— Окуялардын "гүлдүү" аталыштарына караганда, Кыргызстанда Грузиядагыдай эле саясий технологиялар пайдаланылса керек. Азыркы учурда кайра дагы төңкөрүштөр болуу коркунучу барбы?

— Андай окуялар кайталанат деген коркунуч жок. Тарых бир жолду эки баспайт. Бирок евразиялык интеграция алдыга жылган сайын ЕАЭБ өлкөлөрүндө абалды туруксуздаштыруу аракеттери сөзсүз болот деп эсептейм. 

Негизгиси, азыр Кыргызстан менен Грузиянын бийлик башындагылар Аскар Акаев менен Эдуард Шеварднадзенин каталарын кайталабаса болду.

Менин пикиримде, алар үлгүлүү мектеп окуучуларындай америкалыктар менен европалыктардын айтканын угуп, тилинен чыккан эмес. Ушул чечүүчү роль ойноп кетти. КРдин тышкы иштер министри Аскар Айтматов ошол күндөрү Skype аркылуу америкалык сенатор Жон Маккейн менен дайыма сүйлөшүп турганы, экинчиси одоно сүйлөп, сөөмөйүн кезеп "кандай жашаш керектигин үйрөтүп турганы" менин эсимде.

Азыр силер да, биз да өз күчүбүзгө ишенип, сырткы оюнчулардын кызыкчылыктарынан көз карандысыз эгемендүү мамлекет курушубуз керек.

Жаңылыктар түрмөгү
0