Ниязов: эгер Акаев кайтып келсе, кылмыш иши боюнча күбө болот

© Sputnik / Виталий Белоусов / Медиабанкка өтүүАскар Акаев. Архив
Аскар Акаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мурдараак Sputnik менен болгон маегинде Кыргызстандын биринчи президенти Аскар Акаев "өз өлкөмө кайтып келип, сөөгүм мекениме коюлса" деген тилегин билдирген эле.

БИШКЕК, 18-мар — Sputnik. Кыргызстандын мурдагы президенти Аскар Акаевдин өлкөгө кайтып келүүсүнө эч ким тыюу салбайт, тескерисинче, ал бир катар кылмыш иштерин ачууга жардам берет деп билдирди Sputnik кабарчысына президенттин кеңешчиси Фарид Ниязов.

Мурдараак Sputnik кабарчысына берген маегинде Кыргызстандын биринчи президенти Аскар Акаев "өз өлкөмө кайтып келип, сөөгүм мекениме коюлса" деген тилегин билдирген эле. Анын айтымында, республикага кирүүгө азыркы бийлик ага бөгөт коюп жатат. 

Ниязов бул сөздөрдү четке кагып, "тескерисинча, Акаевди бул жерде Бакиевди күткөндөй эле күтүп жатышат" деди.

"Бири кылмыш иштери боюнча түшүндүрмө берип, ал эми экинчиси болсо кылмыш жазасын өтөшү керек. Бийликтин экөөнө тең мамилесинде мен эч маселени көрбөй элемин. Бирок алар өзүлөрү эл алдында күнөөсүн моюнга алууга канчалык даяр болду экен?" — дейт мамлекет башчысынын кеңешчиси.

Кулов: Акаевди кечирдим, анын кайтып келишине эч тоскоолдук жок деп ойлойм
Акаев 2005-жылдагы "жоогазын" аттуу революциядан кийин Кыргызстандан чыгып кеткен. Анын ордуна келген, 2010-жылы экинчи ынкылаптын натыйжасында өлкөдөн качып кеткен Курманбек Бакиев башчылык кылган бийлик биринчи президентти бийликти жеке басып алгандык жана үй-бүлөлүк башкаруучулук үчүн айыптаган. Мурда республиканын башкы прокурору эгер Акаев мекенине кайтып келсе, аны суракка алуу мүмкүнчүлүгүн колдон чыгарбай турганын, себеби биринчи кыргыз лидеринин туугандары менен жакындарына каршы кылмыш иштери эмдигиче жабыла электигин айткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0