ЕБнын долбоорлору чет элдиктердин консалтингдик бизнеси болуп эсептелет — эксперт

© AFP / PHILIPPE HUGUENЕвробиримдиктин желеги. Архив
Евробиримдиктин желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эксперт Шерадил Бактыгулов КРде мыйзам үстөмдүгү боюнча долбоорлор зарыл, бирок иштин натыйжалуулугу үчүн алардын формасын өзгөртүү керек деп эсептейт.

БИШКЕК, 13-мар. — Sputnik. Европа биримдиги Кыргызстанда мыйзам үстөмдүгүн жогорулатууга багытталган бир катар долбоорлорду баштап жатат. Бул ЕБнын аталган багыттагы үчүнчү ири долбоору жана алар GIZ, ACTED, IWPR жана Ханнс Зайделдин фонду тарабынан ишке ашырып келет.

Эксперт Шерадил Бактыгулов мындай долбоорлордун иш натыйжалуулугу жана алардын өлкөдө жүргүзүүнүн максатка ылайыктыгы тууралуу Sputnik кабарчысынын суроолоруна жооп берди.

— Кандай дейсиз, КРде мыйзам үстөмдүгү багытындагы иштер туура жүргүзүлүп жатабы?

— Менин оюмча, мындай иштер Адилет министрлиги эмес, Сот корпусунун өз алдынча башкаруу органы болуп эсептелген Сотчулар кеңеши жана анын ишин камсыз кылуучу Сот департаменти тарабынан жүргүзүлүшү керек. Бирок бүгүнкү күндө аталган долбоорлор дал ошол министрлик аркылуу ишке ашырылыууда.

Сот реформасы боюнча долбоорлук иш тренингдер аркылуу аткарылып жатат. Коюлган максаттарга жетишүү үчүн мындай иш таптакыр жетишсиз. Мында окутуунун жалпылаштырылган бирдиктүү системасы керек. Ал эми азыр болсо адистерди бул тема боюнча эмнелерге окутуу керектигин донор чечип, аны жергиликтүү көз карашта эмес, чет элдиктин көз карашындагы түшүнүк боюнча берип жатат. Тиги же бул маселени чечүү жагынан Европанын мамилеси жкна көз караштары таптакыр башка да. 

Бирок мунун жакшы жкатары да бар. Мисалы, экинчи долбоорду ишке ашырууда Жазаларды аткаруу боюнча мамлекеттик кызмат системасына колдоо көрсөтүлүп, техникалык каражаттар, автоунаалар, байкоо жүргүзүүчү камералар, компьютердик техника ж.б. бөлүнүп берилген. Бул аталгандай долбоорлордун алгылыктуу натыйжалары болуп эсептелет. 

Тренинг жана башка аракеттердин тыянактары тууралуу айтсак, жардам көзгө илинерлик болушу керек. Жана ал жарыяланган долбоорлордун кагаз бетинде гана эмес, иш жүзүндө болушу туура. Кыргызстандын карапайым тургуну муну сырттан болгон таасирден эмес, соттун же башка инстанциянын калыс чечимин алуу менен сезгидей болушу керек. Мындай тренингдерге мамиле бир жактуу эмес. Мисалы, соторду азыр кызыктыруучу темалар тренингдин кучагына алынган эмес. Ал эми тренингден алынга билимди иште колдонуу, ал билимдердин кагаз бетинде калышынан бир топ баалуу эмеспи. 

Бул үчүнчү жана эң ири долбоор. Жана ал сот чечимдеринин калыстыгын жана өң карабастыгын, ошондой эле мамлекеттик башкаруу органдары тарабынан колдонулушу укугун камсыз кылышы керек. Бирок, тилекке каршы, бул азырынча жетишиле элек. Сотчулардын иш-аракеттери натыйжалуу болушу зарыл, ал эми демократиялык өзгөрүүлөрдүн өнүгүшү жана мамлекеттин диний эместик багытын колдоо мындай долбоорлор берүүчү кошумча натыйжалар болуп эсептелет.

Биз мыйзамдын үстөмдүгү жөнүндө кеп кылганда ал сот системасына гана эмес, өлкөнүн жалпы укуктук системасына тиешелүү болот. Мисалы, мамлекеттик каттоо кызматынан паспорт, жер үлүшүнүн документтерин алууда ж.б.Бирок иш жүзүндө укуктук системага канча даттануулар келип жаткандыгына, кыянаттык менен пайдалануу, ачык эле алдамчылык канча болуп жатканына өзүбүз күбөбүз.

Бирок чынында көпчүлүк долбоорлор чет элдиктердин аткаруусу үчүн жүргүзүлөт, себеби бул консалтингдик бизнес. Мунун 70-жылдары америкалыктар ойлоп чыккан. Муну менен элдер акча табышат.

— Мыйзам үстөмдүгү боюнча биринчи долбоор ишке ашырылгандан бери бир нерсе өзгөрдүбү?

— Жок, абал өзгөргөн жок. Андан бери укук тармагына кандайдыр бир кескин өзгөрүүлөр болгон жок. 12-15 жыл мурун электрондук документтерди жүгүртүү системасын түзүү жөнүндө айтылып, анда сот чечимдери күнүнкүсү күндө жарыяланып турмак, бирок бул азыркыга чейин аткарылган жок. Сот чечимдеринин санынан, соттор тууралуу айтылып жүргөн азил тамашалардад бул системага нааразылык кайра күч алып жаткандыгын байкаса болот. Ооба, ададмар иштегенге аракет кылууда, бироок баары баягы эле ордунан жылган жок. 

Сотторго ишенич жок жана калктын мамлекеттик огандарга ишенүүчүлүк көрсөткүчү боюнча сот системасы эң төмөн деңгээлде турат.

— Анда мындай долбоорлордун кереги барбы? 

— Долбоорлор керек. Алар маселенин каржылык жагын чечип жатат, анан калса сотторду окутуу программалары баары бир керек. Өз каражатыбыз болбогон соң, донорлорду тартуу туура. Бирок азыр 30 жыл мурун түзүлгөн долбоорлорду аткаруу формаларын өзгөртүүгө мезгил жетти. 

Жаңылыктар түрмөгү
0