Профессор Сарыбаев: валюталык интеграция алкагында сом жеңил конвертацияланат

Жазылуу
Экономика илимдеринин доктору Айылчы Сарыбаев валюталык интеграция алкагында кыргыз валютасы өлкөлөр арасындагы соода-сатык мамилелерде жеңил кетээрин, андан сырткары валюта, саясат, экономика, саясат, коопсуздук боюнча көз карандылыктан кутулуу үчүн КР ЕАЭБге кирип жатканын айтты.

Путин ЕАЭБнын валюталык биримдигин түзүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну тапшырды
БИШКЕК, 12-мар. — Sputnik. ЕЭАБдин аймагында валюта тармагындагы интеграция кыргыз сому үчүн эч кандай терс таасир алып келбестигин, тескерисинче, өлкөлөр арасындагы соода-сатык мамилелерде улуттук валюта жеңил кете берерин КМУнун экономика жана финансы институтунун директору, профессор Айылчы Сарыбаев билдирди. 

Россия президенти Владимир Путин РФтин Борбордук банкына жана министрлер кабинетине жарым жыл ичинде ЕАЭБде валюталык интеграцияга даярдануу жана бирдиктүү валюталык биримдикти түзүүнүн максатка ылайыктуулук жагын 1-сентябрга чейин карап чыгууну тапшырган. 

"Валюталык интеграция рублге өтүп кетип, сом калып калат деген сөз эмес. Тескеринче, сом аймактын ичиндеги негизги валюталардын бири болуп калышы мүмкүн. Мындан сырткары интеграция алкагында ар бир өлкөнүн соода-сатыгынын көлөмүнө жараша ар бир өлкөнүн валютасы жүрө берет. Тек гана, ушул өлкөлөр өздөрүнүн боло турган соода-сатык мамилесин кайсы убакта, кандай шартта жүргүзө аларын тактап алат", — деди Сарыбаев. 

Экономист ЕЭАБ аймагына кирген өлкөлөр арасында валюталык интеграциянын алкагында кыргыз сому жеңил конвертация болоорун айтып, зарыл болсо рубль менен да, сом менен да соода-сатык жүргүзүлө берилээрин түшүндүрдү. 

"Биздин улуттук валюта жеңил конвертация болуп кете берет, соода-сатык мамилелерибизде Россия менен рубль-сом, Казакстан менен теңге-сом, Белоруссия менен рубль-сом менен жүрө берет. Ал эми зарылдыгы чыгып калган, керек убакта бизде рублдин запасы көп болсо Казакстан, Белоруссия, Кытай менен рубль аркылуу соода-сатык кылсак болот ", — деди Сарыбаев.

Эксперт аталган интеграциялык уюмга киргенден, интеграциялык валюта мейкиндигинде АКШ долларынын таасири азаярын, рубль менен сом тең пайдаланылаарын айтты. 

"Валюталык интеграция алкагында Россия менен Кыргызстан ортосунда азыркыдай доллар менен мамиле түзүлбөйт, өз валюталарыбызды рубль менен сомду тең пайдаланбыз деген сөз. Доллар менен алака кылуу таасири азаят. Биз доллардын өзүбүздүн резервге керектүү ченемде сактайбыз, керектүү ченемде соода-сатык кылабыз. Негизи долларды билинбеген экспанция, билинбеген зордуктоо аркылуу бүт дүйнө жүзүнө таратып жатат да. Билинбеген механизм бүткүл дүйнө доллар менен соода кылуусуна умтулуп жатат. Бул рынок заманында, глобалдашуу заманында мыйзам ченемдүү көрүнүш. Валюта, саясат, экономика, коопсуздук боюнча көз карандылык болбошу үчүн биз ошол ЕАЭБге кирип жатабыз да", — деген пикирин айтты Айылчы Сарыбаев.

Россия, Белоруссия жана Казакстан 2014-жылдын 29-майында Астана шаарында Евразиялык экономикалык биримдик түзүү жөнүндө келишимге кол коюп, ал 2015-жылдын 1-январынан тарта күчүнө кирген. Ал эми КРдин ЕАЭБге кошулуусу боюнча келишимге Москва шаарында 2014-жылдын 23-декабрында Жогорку Евразиялык экономикалык кеңешинин отурумунда кол коюлган.

Жаңылыктар түрмөгү
0