Мектепте сааттарды кыскартуу окуучунун өз алдынча ишин уюштурууну болжойт

© Sputnik / Евгений Епанчинцев / Медиабанкка өтүүМетеп. Архив
Метеп. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мектеп мугалимдери жана жогорку окуу жайларынын окутуучулары үчүн семинардын алкагында лекция окуган Алексей Палиндин айтымында, окутуунун түрү бүгүнкү күндө катуу өзгөрүп жатат. Бул процесс азыр таптакыр башка аспекттерге багыттануу баскычында дейт ал.

БИШКЕК, 10-мар — Sputnik. Билим берүү мекемелеринде сабактардын саатын кыскартуу жөнүндө Sputnik кабарчысынын суроосуна тарых илимдеринин кандидаты, Россиянын Кемерово шаарындагы азык-түлүк өнөр жай технологиялык институтунун тарых кафедрасынын жетекчиси Алексей Палин жооп берди.

— Кыргызстанда Россиядай эле мектептер менен жогорку окуу жайларында сабактардын саатын кыскартуу жүрүп жатат. Бул иш боюнча сиздин көз карашыңыз кандай?

— Ооба, чынында эле ушундай жылыштар жүрүп жатат. Жогорку окуу жайларында ал бакалавриат системасына өтүүгө байланышкан. Башкача айтканда, эгер студенттер мурда беш жыл окуса, азыр жогорку билим алууга төрт гана жыл берилет. Албетте бул окутуунун сапаты, деңгээли ж.б. көп нерселерге таасирин тийгизет. 

Бул процесстин дагы бир жагы — анда өз алдынча окуу олуттуу жолго коюулушу керек. Тиги же бул сабак боюнча студенттин өз алдынча ишине арналган белгилүү бир сааттын көлөмү бар. Студент ал убакыт ичинде өз материалын топтоп, илимий жана окуу адабияттары менен иштөөгө аракет жасайт. Мунун да жакшы жагы болушу мүмкүн.

— Билим – бул коомго жана адамга таасири 15-20 жылдан кийин гана көрүнө турган процесс. Билим деңгээлинин сапаты жана деңгээли совет мезгилинен төмөн болуп кетпейби? Окууга анча көп маани бербеген муундарыбыз калыптанып калбайбы?

Бишкетеги мектеп. Архив - Sputnik Кыргызстан
Мектептерде Билим берүү министрлиги жактырбаган китептер колдонулуп жатат
— Саясий, экономикалык, социалдык-турмуш шарттары сөзсүз билимге таасирин тийгизет деп ойлойм. Бүгүнкү күнү бул процесске таптакыр башка шарттарды жана көз караштарды таңуулап жатат. Ошондуктан билим берүүдө белгилүү бир өзгөртүүлөр зарыл.

Мен үчүн Россиядагы мектепте билим берүү системасына комментарий берүү кыйын, себеби жогорку окуу жайында иштейм. Бирок өзүмдүн бешинчи класста окуган баламдын мисалында айта алам. Жумасына алты күн беш-алты сабактан окуганына караганда, сааттар анча деле кыскарган жери жок. Билим сапаты төмөндөп жатат деп да айта албайм.

Бир гана белгилейин дегеним, билим берүү формасы азыр катуу өзгөрүүдө. Ал таптакыр башка аспекттерге багыт алып бара жатат жана билимдин маанисине башкача көз карашты калыптандыруу аракети жүрүүдө.

Советтик билим берүүнүн мисалында балага болгон көз караштын, мамиленин уникалдуулугун жана маанилүүлүгүн баса белгилегим келет. 

Советтик билим берүүнүн өзгөчөлүгү эмнеде эле? Ал бардык сабактар боюнча системалуу билим берчү. Башкача айтканда, бала өз жөндөмдөрүн ачып көрсөтүүсүнө, өзүнүн артык көрүүлөрүн аныктап алуусуна мүмкүнчүлүк түзүлчү. Мисалы, советтик окуучунун гуманитардык же техникалык жөндөмү абдан эрте аныкталчу. Жана ага жараша балага өз жөнөмдөрүн өрчүтүүгө мүмкүндүк берилчү. Анан калса, мектепте алынган кенен билим тиги же бул чөйрөдө ага чоң жардам берер эле. 

Бүгүн мындай мүмкүнчүлүктөр, кыязы, аз болуп бара жатат. Азыр окуучулар өтө бир тараптуу адистиктерге багытталган. Ал эми бул жаманбы же жакшыбы, мезгил көрсөтөт. Баары жакшы болот деген үмүттөмүн. 

Жаңылыктар түрмөгү
0