Эксперт: Бакиевдерди ЕАЭБга мүчө Кыргызстанга өткөрүп берүүнү Минскке кеңеш кылам

© Sputnik / Андрей Александров / Медиабанкка өтүүКурманбек Бакиев. Архив
Курманбек Бакиев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Беларруссиядагы криминалдык териширүүлөргө жол берилбеши керек жана азыркы жагдайда киши өлтүрүүгө Бакиевдердин катыштыгы далилдене турган болсо, аларды экстрадициялоо жана сот жообуна тартуу маселеси өзүнөн өзү чечилиши керек деп эсептейт белоруссиялык талдоочу.

БИШКЕК, 26-фев — Sputnik. Белоруссиялык эксперт, саясат таануучу Ярослав Романчук Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаевдин Бакиевдерди экстардициялоо жөнүндө кайра билдирген талабы боюнча Sputnik кабарчысынын суроолоруна жооп берди.

— Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаевдин Бакиевдерди өткөрүп берүү жөнүндө Белорруссиянын бийлигине кайрылуусуна кандай комментарий бересиз?

Здание министерства иностранных дел Кыргызской Республики в городе Бишкек - Sputnik Кыргызстан
КР ТИМи Бакиевдерди өткөрүп берүү боюнча белорустардын позициясына нааразы
— Мен Кыргызстан өлкөнүн мурдагы жетекчилерине жана алардын туугандарына карата калыс тергөөлөр жана сот өз жеринде жүргүзүлсө дейм. Кыргызстандын лидеринин демократиялык, акыйкат процедураларды аткарып, айыпталуучулардын күнөөсүн аныктоо үчүн койгон талабын толук колдойм. КР демократиялык институттары ишеничтүү мамлекет болуп эсептелет.

Кыргызстанды ЕАЭБга кириши жагынан карасак, бул кадам өлкөгө берүүчү жаңы мүмкүнчүлүктөрдү эске алып, белорус бийлигине аталган жарандарды сот жана башка процедураларды жүргүзүү үчүн өткөрүп берүүнү кеңеш кылмакмын. Себеби сырттан караганд,а кылмыш жасады деп шектелүүчү жарандар жашырынып жүргөн мамлекетте эмес, өз мамлекеттеринде бадык зарыл процедуралардан өтүшү керек. Анын үстүнө, бул өлкөлөрдүн баалуулуктары бирдей. 

Кеп өткөрүп берер-бербесинде. Бул маселе укуктук эмес жана, тилекке каршы, бизде көп чечимдер мыйзамга ылайык эмес, "түшүнүктөр" боюнча кабыл алынат.

— "Түшүнүк деген сөзгө кандай маани бересиз"?

Курманбек Бакиев агасы Жанибек Бакиев менен. Архив - Sputnik Кыргызстан
Атамбаев Анапияевди өлтүргөн Бакиевдерди кайтарып берүү боюнча Лукашенкого кайрылды
— Мисалы, кылмыш жасады деп шектелүүчү адамдарды өткөрүп берүүнүн белгилүү бир процедуралары бар. Ал колдонулуп жана объективдүү, көз карандысыз соттун чечими кабыл алынышы керек. Бирок сот системасынын көз карандысыздыгы жагынан Беларуссияда олуттуу кемчиликтер болгондуктан жана укук институттары саясатташылгандыктан, чечимдер өлкө жетекчилигинин деңгээлинде кабыла алынат. Ал эми кандай ой-максаттар эсепке алынары аларга эле белгилүү.

Менимче, Кыргызстан менен Белоруссиянын ортосундагы достукка, өнөктөштүккө, кызматташтыкка, жетекчилер менен элдердин ортосундагы жакшы мамилелерге таянууга мүмкүндүк берүүчү кайсы бир аргументтерди колдонуу керек. Ошол аргументтер супсак укуктук ченемдерге караганда көбүрөөк салмактуу болот.

— Кыргызстандык криминалдык авторитеттин Беларуссиянын аймагында өлтүрүлүшүнө кандай карайсыз?

— Мен бул кылмыштын чоо-жайын билбейм, бирок бир да адамды өлтүрүүгө жол берилбеши керек. Айрыкча чет элдик жарандын биздин жерде киши колдуу болушу белорус укук органдарынын кылдат териштиришин талап кылат. Жана мындай тергөө жүргүзүү кыргыз элин сыйлагандыктын белгиси болот. Уюшулган кылмыштуулукка каршы ийгиликтүү күрөшүп жаткан Белоруссияда криминалдык кармашууларга жол берилбеши керек деп эсептейм. Жана мындай жагдайда киши өлтүрүүгө Бакиевдердин катыштыгы далилдене турган болсо, аларды экстрадициялоо жана сот жообуна тартуу маселеси өзүнөн өзү чечилиши керек.

— Сиз, ошентсе да, Бакиевдерди Кыргызстанга өткөрүп берүүнү расмий Минскке кеңеш кыла турганыңызды ырастайсызбы?

Анапияевдин өлтүрүлүшү жөнүндө күбөнүн айтып бергенин адвокат журналисттерге билдирди
— Туура. Бул Кыргызстандын демократиялык жол менен шайланган бийлигин, ЕАЭБ боюнча өнөктөш өлкөнү жана, албетте, бардык курман болгондор менен алардын жакындарын сыйлагандык болот. Ошондой эле бул акыйкаттыктын жеңиши үчүн да зарыл. Бакиевдерди экстрадициялоо керектигин колдой турган факторлор абдан көп. Болгондо да алар топ элдин талоончулугуна калуу үчүн эмес, объективдүү тергөө жана калыс сот үчүн тапшырылышы керек.

Анан калса, эгер кандайдыр бир күмөн саноолор болсо, аталган иш-аракеттердин жүрүшүнө байкоо жүргүзүү үчүн өнөктөштүк диалогдун алкагында атайын байкоочуларды кошо жиберүүнү Беларуссиянын жетекчилигине кеңеш кылат элем.

Жаңылыктар түрмөгү
0