Горбачев: Россияга каршы санкцияларды киргизүү менен ЕБ өзүнө зыян келтирүүдө

© Sputnik / Рамиль Ситдиков / Медиабанкка өтүүМихаил Горбачев выступил в эфире радиостанции "Эхо Москвы"
Михаил Горбачев выступил в эфире радиостанции Эхо Москвы - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
СССРдин мурдагы президенти Михаил Горбачев ГФРдин АКШдан көз карандылыгы чоңдугунан Ангела Меркель кыйын абалда деп эсептейт. ГФРде көпчүлүгү "ишти Россия менен мамиледерди бузгудай жүргүзүүгө эч болбой тургандыгын" билидирүүдө деп белгиледи ал.

БИШКЕК, 22-дек — Sputnik. Германия жана ЕБ өлкөлөрү АКШдан абдан көз каранды болгон үчүн, Россия менен мамилени бузбаш керектигин түшүнүп турса да, санкцияларды киргизүү менен өзүлөрүнө зыян келтирип жатышат деп эсептейт СССРдин экс-президенти Михаил Горбачев, деп билдирет РИА Новости

"Мунун баары ГФРдин АКШдан көз карандылыгы чоң болгон үчүн Меркелдин кыйын абалда турушунан болуп жатат. Бардык башка европалыктарга ГФРдин алы келет. Ал эми амрикалыктар мунайдын баасын улам түшүрүп коюшуп, биз анын айынан акчаларыбызды жоготуп жатабыз. Муну болсо америкалыктар Сауд Аравиясы менен сүйлөшүп алып жасап жатат. Бул баягы эле кысым көрсөтүүнүн айласы", — деди Горбачев RT телеканалына берген маегинде.

Кордес: санкция Россиянын экономикасы менен саясатын чөгөлөтө албайт
ГФРде көпчүлүгү "ишти Россия менен мамиледерди бузгудай жүргүзүүгө эч болбой тургандыгын" билидирүүдө деп белгиледи ал, жана анын дүйнөдө Россиясыз бардык элдердин кызыкчылыктарына жооп бере турган тартип болушу мүмкүн эмес деген пикирин Германиянын экс-канцлери Гельмут Коль колдогонун кошумчалады. Бирок Россиянын ЕБда болушу Германия үчүн пайдасыз, себеби Германиянын Европа биримдигинде Россиясыз салмагы чоң. Ал эми Россия кайсы жерде болбосун "баары бир өзүнүн көз карандысыз, олуттуу көз карашын билдирет жана ал жетиштүү жүйөөлөрдү келтире алат", — деп эсептейт СССРдин экс-президенти.

Жаңылыктар түрмөгү
0