Бекмырзаев: Миграциялык Кодексти кабыл алуу азыркы күндүн талабы болуп турат

© Sputnik / Табылды КадырбековЗамминистра труда, миграции и молодежи Кыргызстана Доскул Бекмурзаев
Замминистра труда, миграции и молодежи Кыргызстана Доскул Бекмурзаев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандын Эмгек, миграция жана жаштар министрлиги мигранттардын кызыкчылыгын коргогон Миграциялык Кодексти тез арада кабыл алуунун сунуштап жатат.

Бүгүн Мигранттардын Эл аралык Күнү. Чет өлкөлөрдө миллионго жакын жарандарыбыз жашап-иштеп жүргөндүктөн, бул дата кыргызстандыктар үчүн да мааниге ээ. Миграция маселеси боюнча бир нече суроолор менен Эмгек, миграция жана жаштар министринин орун басары Доскул Бекмырзаевге кайрылдык. 

— Доскул Жумагулович, биздин сыртта иштеп жүргөн мекендештерибиздин саны туурасында так маалыматтар кандай? 

Расмий маалыматтарда чет жакта 700 миңден ашык кыргызстандык иштейт
— Негизи чет жакта иштеп жаткан кыргызстандык мигранттардын санын так айтуу кыйын, аны бир да орган бере албайт. Сыртта жүргөн миграттандын жалпы саны бир миллион кишинин тегерегинде. Ал эми Россиянын Федералдык миграция кызматынын маалыматында 571 716 адам. Жалпы мигранттардын ичинен Россияда 81%ы, Казакстанда 15%ы эмгектенишет. Кийинки көрсөткүч Түркия, Бириккен Араб Эмираттары жана Кореяда иштеп жүргөндөргө туура келет. Андан сырткары Канада, Австрия сыяктуу бир топ өлкөлөрдө да бар. 

Ал эми ишмердүүлүгүнүн түрү боюнча айтсак, негизинен тейлөө, курулуш, соода-сатык тармактарында, базарда иштешет. 

— Айтсаңыз, сиздердин министрликтин миграция багытындагы приоритеттери кайсылар?

— Чындыгын айтканда, бүгүн миграция маселесиндеги мыйзамдык-актылар боюнча талаш-тартыштар арбын, өйдө-төмөн сөздөр көп. Кыргызстандын ичиндеги көйгөй – бул жааттагы мыйзамдардын көбүнүн бири-бирине карама-каршы келиши. Андыктан, учурдагы эң маанилүү жана актуалдуу маселе – Миграциялык Кодексти иштеп чыгуу зарылдыгы. Баарыңыздарга маалым, канча жылдан бери миграцияны карай турган орган ар кыл ведомстволорго кошулуп, кайра ажыратылып, кайра дагы жаңысына бириктирилип келген. Бүтүн бир орган болбогондуктан, көп маселелер көз жаздымда калып, ведомство өзгөрүлүп кеткендиктен каралып жаткандары орто жолдо калып, айтор, тоскоолдуктар арбын жаралган. Өткөн жумада Миграциялык кодексти иштеп чыгуу боюнча президенттик, өкмөттүк аппаратка сунуш жолдодук. Бул демилгебиз колдоо тапса, аны иштеп чыкканга даярбыз. Эгерде аталган документ иштелип чыкса, мигранттардын укуктарын коргой турган гарант болот эле. 

Дагы бир жолу белгилей кетсем, миграция боюнча ар кайсы жерде ар кыл талкуулар жүрүп, иш чачкын болууда. Бирөө миграция мыйзамы боюнча иштөөнү сунуштаса, бир даары уруксат берүү лицензиясынын системасын алалы дешүүдө. Өкмөт тарабынан эксперттик топту түзүп, аталган Кодексти иштеп чыксак, менин пикиримде, мындай жагдайга чекит коюлат эле. 

© Sputnik / Майя Машатина / Медиабанкка өтүүДворники-гастарбайтеры
Дворники-гастарбайтеры - Sputnik Кыргызстан
Дворники-гастарбайтеры

— Москвада Федералдык миграциялык кызматтын жетекчиси Константин Ромодановский менен жолугуп келдиңиз. Айтсаңыз, эмне маселелер талкууланды?

— Абдан жемиштүү жолугушуу болду. Кыргызстандын мигранттарынын абалы Евразиялык Экономикалык Биримдикке (ЕЭБ) киргенден кийин кандай болот, эмне күтүп жатат, Россиядагы мигранттар үчүн жаңы жылдан кийинки жаңы эрежелер туурасында сүйлөштүк. Жолугушуудагы дагы бир талкуу "Атайын топтоп уюштурган документтердин жыйнагы" деп аталган өкмөт аралык макулдашуунун тегерегинде жүрдү. Бул документ 7-8 жылдан бери иштелип, бирок, чечилбей келсе, быйыл ал бүтүп, кол коюлганы турат. Макулдашуу Кыргызстанда туруп эле Россиядан иш караштырып, зарылдыгына жараша документтерди ушул жерден толтуруп, жиберүү мүмкүнчүлүктөрүн, ал тургай ылайыктуу ваканция чыгып калса, жумушка орношуу шарттын түзүп берет. 

Буюрса, кол коюлуп калса, келечекте бул иштерди биздин министрликтин ичиндеги Жарандарды чет жактарга ишке орноштуруу борбору алып барат. Мигранттар сыртка чыгып жатканда Россия рыногунда атаандаштыкка туруштук бере турган адистикке ээ болушу керек. Аталган документте бул жааттагы маселелер да көз жаздымда калган эмес. Макулдашуу иштелип чыкты, болгону эки тараптан ким кол коёрун жана убактысын аныктоо иши гана калды. Азыр министр дайындала элек болгондуктан кол коюу процедурасы токтоп турат. 

— Акыркы учурларда Россия иштей турган мигранттардын арасында "кара тизме" көйгөйү жаралды, бул жаатта иш кандай болуп турат? 

Архив: Москвадагы кыргыз мигранттар - Sputnik Кыргызстан
Ошто мигранттарга кеп-кеңеш бере турган борбор ачылат
— Студенттер, келишим менен чоң даражадагы кызматка кеткендер жана үй-бүлөлүүлөр деген үч категория боюнча иш алып барабыз. Бүгүнкү күндө 2000 адамдын тегерегиндеги биздин жарандарды министрлик "кара тизмеден" чыгарды. Белгилеп кетүүчү нерсе, биздин коңшу өлкөлөр, мисалы, Тажикстан, Өзбекстан андай ийгиликке жете элек. Бул жаатта ишти өркүндөтүү боюнча дагы жаңы сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. 

— Жакшылык менен жамандык катарлаш жүрөт эмеспи. "жүк-200 " боюнча эмне айта аласыз?

— Ооба. Жаман айтпай жакшы жок. Ошондой окуялар болуп калса, мен жогоруда белгилеген Жарандарды чет жактарга ишке орноштуруу борборубузга тиешелүү кагаздарын толтуруп, кайрылышы керек. Биздин мыйзамдар боюнча буга өкмөт тарабынан компенсация каралган. Бул маселени жогоруда мен айткан Миграция Кодексине да киргизип, маанилүү пунк менен белгилейли деп жатабыз.

— Кыргызстандын Бажы биримдигине кошулушу, ЕЭБдин аймагына кириши эмгек мигранттарына кандай жеңилдиктерди алып келет?

— Май айынан кийин, тиешелүү документтер ратификациядан өткөн соң, биздин мигранттарда абдан көп жеңилдиктер менен артыкчылыктар каралат. Биздин укуктар Казакстандын, Беларуссиянын жана Россиянын атуулдарыныкына теңдештирилет. Бирок, биздин жарандарыбыздын кирүү тартиби сакталышы керектигин унутпашыбыз керек. Эң башкысы өзүн кантип алып жүргөндү билүү зарыл. Ал эми патент, ишке уруксат берүүчү кагаздар деп баш оорутпай калышат.

Биз сүйлөшүп, жолуккан мигранттардын көбү Кыргызстандын Бажы биримдигине кошулуп, ЕЭБге кирүүбүздү жакшы кабыл алып жатканын байкадык. Албетте, биримдикке кошулгандан кийин биздин мигранттар ал жактардын тартип коргоо органдарынын арбын текшерүүлөрүнө кабылбай калат. Кыргызстандын жаңы экономикалык мейкиндикке кирүүсү биздин мекендештердин ал жакта иштеп-жашашы үчүн бир топ эле жеңилдиктерди жаратат.

Жаңылыктар түрмөгү
0