Фахри Солак: Түркияда Чыңгыз Айтматов туурасында илимий иштер жазыла баштады

© Sputnik / Степанов / Медиабанкка өтүүАрхив: Чынгыз Айтматов
Архив: Чынгыз Айтматов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Түркияда Айтматовдун чыгармалары окурмандарын гана таппастан, илимий иштердин да предмети болуп бир канча дипломдук иштер, монографиялар жазыла баштады.

БИШКЕК, 13-дек — Sputnik. Бүгүн дүйнө жүзү туулган күнүн белгилеп жаткан Чыңгыз Айтматов жөнүндө Стамбулдагы Түрк дүйнөсүнүн муниципалитеттер биримдигинин Башкы катчысы, Мармара университетинин окутуучусу доктор Фахри Солак өз оюн бөлүштү.

Биз маектешибизге түрк тилдүү окурман катары Айтматовдун кайсы чыгармаларын сүйүп окуурун сурадык.

"Айтматовдун мага "Кызыл жоолук жалжалым" менен "Кылымга тете бир күн" аттуу чыгармалары жагат. Биринчисинде ал маңкурт темасын көтөрсө, экинчисинде сүйүү түшүнүгүн баса белгилеген", – деди Фахри Солак.

Чет элдиктер Кыргызстан туурасында интернеттен издеп баштаганда адегенде эле улуу жазуучубуз менен "Манас" эпосу чыгат. 

"Түркияда Кыргызстанга тиешелүү иш-чаралардын дээрлик бардыгы "Манас" эпосу менен Чыңгыз Айтматовдун тегерегинде топтолгон. Чынында эле Кыргызстанга тиешелүү 900гө жакын түркчө ачкыч сөздөрдүн (тег) 250сү тикеден-тике "Манас" эпосуна, 200ү Чыңгыз Айтматовго жана анын чыгармаларына байланыштуу экени аныкталды. Чыңгыз Айтматовдун түрк тилине алгач ирет "Гүлсарат" повести которулуп, 1969-жылы Стамбулда жарыяланганы белгилүү. Ошондон баштап Чыңгыз Айтматовдун китептери жыл сайын түрдүү басмаканаларда жарыялана баштаган. 1974-жылы алты чыгармасынын котормосун "Жем" басмаканасы басты. 1970-жылдары "Варлык" жана "Хүр" басмаканаларында Айтматовдун түрк тилине которулган чыгармалары байма-бай жарыяланып турган. Ал эми 1990-жылдарда "Өтүкен Нешрият" башында турган бир топ басмаканалар Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларын кайрадан түркиялык окурмандарга тартуулады. Түркияда алп жазуучу Айтматовдун чыгармалары түрдүү мезгилдерде 10дон ашуун түрдүү басмаканалар тарабынан жарыкка чыккан. Айтматовдун чыгармаларын 15ке жакын котормочу башка тилдерден түрк тилинде сүйлөткөн. Булардын баарын Айтматовдун чыгармаларына Түркиядагы кызыгуунун көрсөткүчү катары белгилеп кетсек болот", — деди Фахри Солак.

Түркияда Айтматовдун чыгармалары окурмандарын гана таппастан, илимий иштердин да предмети боло баштаган. Жогорку окуу жайларда дипломдук иштер жазылып, монографиялар арбыган. 

"1990-жылдардан баштап, Айтматовдун чыгармаларынын негизинде дипломдук иштер жазылып, макала жана монографиялардын санынын артканы байкалат. Болжол менен 200гө жакын ачкыч сөздөрдүн жарымы ушул жылдары аткарылган иштерге байланыштуу экени аныкталды. Мунун негизинде Түркиядагы түрдүү жогорку окуу жайларда 15тен ашуун дипломдук иштер жаралып, 10дон ашуун монография даярдалып, Айтматовго байланыштуу түрдүү тематикадагы симпозиум менен конгресстер уюштурулуп, көп сандаган макалалар жарык көрдү. Дагы айта кетчү нерсе, "Түрк адабияты", "Леттера, "Боордош калемдер" аттуу адабий журналдар да атайын сандарын чыгарышты", – деп белгиледи доктор Фахри Солак.


Жаңылыктар түрмөгү
0