Маматалиев: Пара алып, акча талап кылгандарды милициядан айдаш керек

© Sputnik / Табылды КадырбековАрхив: МАИ кызматкери айдоочунун документтерин текшерип жатат.
Архив: МАИ кызматкери айдоочунун документтерин текшерип жатат. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев ИИМдин Жол көзөмөл кызматынын инспекторлорунун автоунааларды негизсиз текшерүүсүн токтотуу боюнча ЖККга тапшырма берди.

Архив: милиция кызматкери - Sputnik Кыргызстан
Милиция кызматкерлерине жеке ишкердик субъектилерди текшерүүгө тыюу салынды
БИШКЕК, 9 дек — Sputnik. Вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев ИИМдин Жол көзөмөл кызматынын иши боюнча кеңешме өткөрүп, акча талап кылып же пара алган кызматкерлерди иштен бошотууну талап кылды. 

Кеңешмеге ИИМ орун басары Рыскулбек Жапаркулов жана ЖКК башчысы Сергея Дьяченко катышты. 

Маматалиев кыштын келиши менен ЖКК инспекторлорунун көчөдө автоунааларды негизсиз токтотуп жаткандыгы боюнча арыздар арбын түшүп жаткандыгын белгиледи.

"ЖКК тутумунда тартип орнотуп, тиешелүү чараларды көрүү зарыл. Ал эми акча талап кылып же пара алган милиция кызматкерлерин ишке кайра алынбагандай кылып, бошотуу керек", — деди Маматалиев. 

ЖКК жетекчиси Дьяченко шаардагы жол кыймылын гана көзөмөлдөбөстөн, тартипти сактоо максатында түзүлгөн мобилдүү топтордун иштеп жаткандыгын маалымдады. 

"Биздин жарандар мобилдүү топторду ЖКК деп түшүнүп алуулары да мүмкүн. Бирок, мен айткан мобилдүү топтор кылмыштын алдын алуу, анын бетин ачуу жана чукул кырдаал болуп кеткенде ыкчам жетип барып жардам көрсөтүүгө багытталган", — деди Дьяченко. 

Жыйындын соңунда шаардын жолдорундагы абалды көзөмөлгө алып, ЖКК инспекторлорунун автоунааларды негизсиз текшерүүсүн токтотуу боюнча аталган кызматка тапшырма берилди. 

Жаңылыктар түрмөгү
0