07:53 04 Бештин айы 2016
Түз эфир
Министр культуры А.Максутов

Министр Максүтов: маданият менен экономика бирдей өнүгүшү керек

© Sputnik / Табылды Кадырбеков.
Ой-пикир
Кыскача шилтеме алуу
21 0 0

Маданият тармагына тиешелүү каражат каралбаса, аны өнүктүрүү туурасында кеп кылуунун кереги жок.

БИШКЕК, 20-ноя — Sputnik. Маданият, маалымат жана туризм министрлигин каржылоого республикалык бюджеттен каралган акча аталган тармакты өнүктүрүүгө жетпейт. Былтыр бул министрликке 1 миллиард 200 миллион сом каралса, 2015-жылга бөлүнө турган сумма 1 миллиард 249 миллион сомду түзгөн. Маданият, маалымат жана туризм министри Алтынбек Максүтов бул туурасында «Парламент» радиосунун суроолоруна жооп берип жатып билдирди. 

— Республикалык бюджет каралып жатканда маданият тармагына 3%дан кем эмес каржылоо каралыш керек деп көрсөтүлгөн. Азыр бул тармактын алкагы кеңейип, Маданият, маалымат жана туризм министрлиги болуп тургандыгына карабай, бөлүнгөн каражат жетишерлик эмес. Бюджеттин энчиси менен берилип жаткан акчалар негизинен айлык акылар менен тармактагы имарат-жайларды жылытуу чыгымдарынан ашпайт 

Биз 2% өлчөмүндө каражат каралса деп кайрылганбыз. Эми анын ордуна кошулган анча-мынча каражат кымбаттаган электр энергиясынын баасын жабууга, инфляцияга жана күйүүчү-майлоочу майлардын жогорулаган наркына гана жетпесе, жарытымдуу деле жылыштар, тилекке каршы, байкалбай жатат.

Өнүктүрүү максатында алдыга койгон марага жетебиз десек, андан каражат аябашыбыз керек. Маданият ошол өнүгүүгө карай алган багыттын негизи болуп саналат. Ал бекем болгондо гана беттеген багытыбызга жете алабыз. Маданият менен экономика бирдей катарда өнүгүп жүрүп олтурушу керек.

Тема боюнча

Мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө 2015-жылы 243 млн. сом бөлүнөт
Белгилер:
Бюджет, Алтынбек Максүтов, Маданият

ЭҢ МААНИЛҮҮ