Бишкекти жарыктандыруу үчүн мэрия 10 млн. евро насыя алууга ынтызар

© пресс-служба мэрии города БишкекУстановка освещения вдоль велодорожки на юге столицы
Установка освещения вдоль велодорожки на юге столицы - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Борбор калааны этабы менен жарыктандырууга жалпысынан 10 миллион евро корой турганы айтылууда. Албек Ибраимов кеткен каражат электр энергиясын үнөмдөөчү лампалар колдонулгандыктан өзүн актайт деп ишендирүүдө.

БИШКЕК, 10-янв. — Sputnik. Бишкек мэриясы борбор калааны үч жылда толугу менен жарыктандырууну пландап жатат. Аны ишке ашыруу үчүн 10 миллион евро керектелет. Бул каражатты насыя катары алуу пландалып жатканын Бишкек мэринин милдетин аткаруучу Албек Ибраимов шаардык кеңештеги "Өнүгүү — Прогресс" фракциясынын депутаттары менен болгон жолугушууда билдирди.

Ибраимов мэрликке талапкер катары өзүнүн программасын тааныштырды. 

Анын айтымында, 10 миллион евро калаадагы электр мамычаларын, зымдарды жана шаардын чет-жакасын жарыктандырууга коротулат. Ибраимов ошондой эле бул коротулган каражат 8-12 жыл ичинде акталарына ишендирди. Себеби, шаарга электр энергиясын үнөмдөгөн лампалар коюлат.

"Шаардын аймагы чоңоюп, бүгүнкү күнү 169 чарчы чакырымды түзөт. Андыктан шаарда 50 миң жол чырагы болушу керек. Шаардык казынанын эсебинен 24 миң жол чыракты жаңылоону пландап жатабыз. Калган 26 миңин насыянын эсебинен алабыз. Андыктан азыр банктар менен кызуу сүйлөшүүлөр жүрүп жатат", — деди Ибраимов.

Ал ошондой эле бул долбоор өкмөт тарабынан жактырылганын, эми Жогорку Кеңештин кароосуна жөнөтүлөрүн кошумчалады.

Буга чейин мэрия электр энергиясы аз колдонула турган лампаларды коюу менен 10 миллион сом үнөмдөлгөнүн билдирген. 

Бишкектин кайсы жерлерине заманбап чырактар коюуларын Sputnik Кыргызстан агенттигинин картасынан караңыздар>>

Жаңылыктар түрмөгү
0