Казакстандык топ "Слезы тикли вверх" ырын ырдап чыкты

© Фото / Ернар СмагуловКазахстанская рок-группа "Novaliveband"
Казахстанская рок-группа Novaliveband - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Казакстандык топтун аткарган ыры социалдык тармакта жакшы кетип бара жатат. Рок-группа алардын бул кадамын ырдын автору да жогору баалайт деген ниетте.

БИШКЕК, 7-дек. — Sputnik. Казакстандык Novaliveband рок-группасы кыргызстандык вайнер Данияр Токтомамбетовдун (MC_doncha) сүйүү тууралуу "Слезы тикли вверх" ырын аткарды.

Алар ырды домбра менен элеткрондук гитаранын коштоосунда ырдашкан. Даяр ырды музыкалык топтун үн продюсери Ернар Смагулов Интернетке жарыялаган.

Смагуловдун айтымында, алар биринчи жолу ырды Cover-стилинде аткарып жатышат.

"MC_Doncha лакап аты менен белгилүү болгон баланын сүйүү тууралуу чыгарган ыры социалдык тармактарда кеңири жайылып, көпчүлүк колдонуучулардын көңүлүн бурган. Ал бир гана Кыргызстанда эмес Казакстанда да белгилүү болду. Биз да мүмкүнкүчүлүктү кое бербей ырдын cover-версиясын чыгардык. Домбра менен электрондук гитарынын айкалышы жакшы болду", — деген пикирин продюсер Смагулов Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Ырдын аранжировакасы Igemon Records үн жазуучу студиясында жасалган. Ал эми ыр Максат Хасановдун AIMVI Production музыкалык долбоорунун жамаатына таандык.

Россиянын белгилүү ырчысы, Чай вдвоем тобунун мурдагы мүчөсү Стас Костюшкин. Архив - Sputnik Кыргызстан
MC_doncha видеосун көргөн орус жылдызы сахнадан кетем деп тамашалады
Азырынча Данияр Токтомамбетов казакстандык ырчылардын аткаруусуна эч кандай комментарий бере элек. Казакстандык топ автор Токтомамбетов нааразы болбойт деген пикирде.

MC_Doncha лакап аты менен белгилүү Токтомамбетовдун бул ыры россиялыктарды да кайдыгер калтырган эмес. Тимати, Jah Khalib, "А-Студио" тобунун аткаруучусу Кэти Топурия өздөрүнүн Instagram баракчасынан бөлүшкөн. Андан сырткары, Михаил Галустян дагы жылуу пикирин билдирген.

MC_doncha менен Sputnik Кыргызстан агенттигинин журналистинин маегин төмөнкү шилтемеден окуй аласыз>>

Жаңылыктар түрмөгү
0