Япониядан келген радиациялык фону жогору унааларды тазалоо иштери башталат

© Sputnik / Акылбек БатырбековТерриторию, где находятся автомобили с повышенным радиационным фоном в Бишкеке
Территорию, где находятся автомобили с повышенным радиационным фоном в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мамлекеттик бажы кызматы радиациялык фону жогору автотранспорт каражаттарынын санын тактап, аларды дезактивациялоо боюнча жумуштарды жүргүзүүнүн планын иштеп чыгышы керек.

БИШКЕК, 24-ноя. — Sputnik. Япониядан Кыргызстанга алынып келинген радиациялык фону жогору автотранспорт каражаттары дезактивациялоодон өткөрүү боюнча токтомго премьер-министр Сооронбай Жээнбеков кол койду. Бул туурасында өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Документте Мамлекеттик бажы кызматына радиациялык фону жогору автотранспорт каражаттарынын санын тактоо, аларды дезактивациялоо боюнча жумуштарды жүргүзүүнүн планын иштеп чыгуу белгиленген. Ага ылайык, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жана Ички иштер министрлиги менен бирдикте "Аламүдүн" пунктунан "Кыргыз турак жай коммунсоюз" ишканасынын радиоактивдүү калдыктарды көмүүчү пунктуна дейре мыйзамдарынын жана нормаларынын талаптарына ылайык дезактивациялоо үчүн жеткирүүсү керек.

Бишкекте токтоп турган Япониянын радиоактивдүү унаалары эмне болот? - Sputnik Кыргызстан
Бишкекте токтоп турган Япониянын радиоактивдүү унаалары эмне болот?
Аталган иштерди аткарууда Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигине көрсөтүлгөн мамлекеттик органдар тарабынан берилген эсепке ылайык, атайы каражаттардан финансылык каражат бөлүү тапшырылды.

Саламаттык сактоо министрлигине, Өзгөчө кырдаалдар министрлигине, Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигине, Экологиялык жана коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясына бажы жана чек ара органдары менен биргеликте автотранспорттук каражаттарды дезактивациялоо сапатынын радиациялык көзөмөлүн камсыздоо тапшырылды.

Япониядан Кыргызстанга алынып келген радиациялык фону жогору автотранспорт каражаттарын радиациялык көзөмөлдөө жана дезактивациялоо тууралуу Жобо бекитилген.

Жаңылыктар түрмөгү
0