Атамбаев ЕЭК мүчөлөрүн кол саат менен сыйлады

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевАтамбаев Евразиялык экономикалык комиссиянын коллегия мүчөлөрү менен.
Атамбаев Евразиялык экономикалык комиссиянын коллегия мүчөлөрү менен. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Атамбаев Евразиялык экономикалык комиссиянын коллегия мүчөлөрүнүн жемиштүү иштерине ыраазычылык билдирип, евразиялык биримдиктин алкагында кызматташууга үмүт артты.

БИШКЕК, 16-окт. — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев Евразиялык экономикалык комиссиянын коллегия мүчөлөрүн Кыргызстандын кызыкчылыктарын коргоп, евразиялык интеграциялык иштердин алга жылышына кошкон салымы үчүн кол саат менен сыйлады.

ЕЭК отурумдагы документтер. Архив - Sputnik Кыргызстан
ЕЭК Бажы биримдигинин техникалык регламентин түшүндүрдү
Президенттин колунан Коллегиянын интеграция жана макроэкономика боюнча мүчөсү (министр) Татьяна Валова, Комиссиянын техникалык жөнгө салуу боюнча мүчөсү Валерий Корешков, соода маселелери боюнча мүчөсү Андрей Слепнев жана экономика жана каржылык саясат боюнча мүчөсү Тимур Сулейменов кол сааттарды алышты.

Мамлекет башчысы алардын жемиштүү иштерине ыраазычылык билдирип, евразиялык биримдиктин жалпы кызыкчылыгы үчүн мындан ары да кызматташуу үмүтүн айтты.

Мындан сырткары Алмазбек Атамбаевдин буйругу менен Коллегиянын бажы кызматы боюнча мүчөсү (министр) Владимир Гошин, Бажы тарифи жана тарифтик эмес жөндөөлөр боюнча департаменттин жетекчиси Виталий Гудин, Бажы инфраструктурасы боюнча департамент директору Владимир Скиба жана Каржылык саясат боюнча департамент жетекчиси Бемба Хулхачиев кол саат менен сыйланды.

Жаңылыктар түрмөгү
0