"Асман алдында" тасмасында башкы каарманды ойногон Анвар Осмоналиев мыкты аталды

© Sputnik / Артем Житенев / Медиабанкка өтүүЭски кинопленка. Архив
Эски кинопленка. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандыктар калыстар тобунун назарына алты тасма тартуулашты. Жалпы жонунан якутиялыктар 48 көркөм жана даректүү фильм көрө алышты. Анын ичинен 15 тасманы калыстар "Түрк-монгол киносу" жана "Арктикалык кино" багыттары боюнча баалашты.

БИШКЕК, 8-сен. — Sputnik. Саха (Якутия) республикасында өткөн Үчүнчү эл аралык кинофестивалдын жыйынтыгы менен Дальмира Тилепбергенованын "Асман алдында" тасмасында башкы каарман Керимдин ролун жараткан Анвар Осмоналиев "Мыкты дебют" номинациясын жеңип алды. Бул тууралуу "Замандаш" ассоциациясынын маалымат кызматы билдирет.

Монреаль шаары, Канада. Архив - Sputnik Кыргызстан
Монреалда "Асман алдында" тасмасынын дүйнөлүк премьерасы болду
Дүйнөлүк кинематографисттердин чыгармачыл кызматташуусун өнүктүрүүгө багытталган иш-чара үстүбүздөгү жылдын 1-5-сентябрь күндөрү өттү. Якутия эл аралык кинофестивалга "Ленфильм" киностудиясынын башкы директору Эдуард Пичугин жетекчилик кылды.

Кыргызстандыктар калыстар тобунун назарына алты тасма тартуулашты. Жалпы жонунан якутиялыктар 48 көркөм жана даректүү фильм көрө алышты. Анын ичинен 15 тасманы калыстар "Түрк-монгол киносу" жана "Арктикалык кино" багыттары боюнча баалашты.

Эскерте кетсек, Дальмира Тилепбергенованын "Асман алдында" тасмасы Канаданын Монреаль шаарында өткөн эл аралык кинофестивалда калыстардын өзгөчө байгесине ээ болду.

Жаңылыктар түрмөгү
0