Ош облусунун мусулмандар казылыгына Самидин кары Атабаев дайындалды

© пресс-служба Ошского областного казыятаСамидин кары Атабаев. Архив
Самидин кары Атабаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жаңы казы диний жогорку билимге ээ. Бишкектеги Кыргызстан Ислам институтун жана Россия Ислам университетин бүтүргөн.

БИШКЕК, 2-сен. — Sputnik. Ош облусунун казысы болуп конкурстан өткөн Самидин кары Атабаев дайындалды. Бул туурасында Ош облусунун мусулмандар казыятынын маалымат кызматы билдирди. 

Казы Арипов: хижап кийүүдө жергиликтүү элдин үрп-адатын эске албай коюу туура эмес
Жаңы жетекчини Муфтий Максатбек ажы Токтомушев Ош облусуна болгон иш сапарынын алкагында Ош облусунун райондорунун башкы имам хатибдерине тааныштырды.

Конкурс 2015-жылдын 18-августунда өтүп, талапкердин ичинен Самидин Атабаев жогорку упайга ээ болгон. 

Атабаев диний жогорку билимге ээ. 1991-1995-жылдарда Бишкектеги Кыргызстан Ислам институтун жана 2002-2006-жылдары Россия Ислам университетин ийгиликтүү аяктаган. Светтик жогорку билими да бар. Азыркы күндө Ош мамлекеттик юридикалык институтунда "Юриспруденция" адистигин аяктоо алдында турат. Орус, түрк, өзбек, араб тилдерин билет. 2010-жылдан тарта Өзгөн районунун башкы имам хатиби болуп эмгектенип келген.

Буга чейин Ош облусунун казысынын милдетин Ниязали ажы Арипов аткарган.

Жаңылыктар түрмөгү
0