Кыргызстандык окумуштуу катышкан топ өпкөнүн жогорку кан басымын дарылоочу генди аныктады

© Sputnik / Сергей Венявский / Медиабанкка өтүүАнализ текшерүү. Архив
Анализ текшерүү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Окумуштуулар далилдегендей, ZIP 12 гени адамдар менен малдын өпкөсүнүн кан басымы үчүн маанилүү роль ойнойт. Бул ачылыштар жакынкы мезгилде өпкө кан басымынын көтөрүлүшүнө каршы дары иштеп чыгууга мүмкүндүк берет.

БИШКЕК, 1-сен. — Sputnik. Адамдын организмин цинк менен камсыздаган ZIP 12 гени өпкөнүн жогорку кан басымын дарылаганга жардам берери аныкталганын Кыргызстандын Илимдер академиясы билдирет. 

Микроскоп. Архив - Sputnik Кыргызстан
Окумуштуулар мүмкүнчүлүгү жагынан терминатор Т-1000ге окшош материал жаратышты
Маалыматка ылайык, бул ачылышты кыргыз окумуштуусу, КР УИАнын вице-президенти, академик Алмаз Алдашев курамына кирген бир нече өлкөнүн изилдөөчүлөрүнөн турган топ жасаган. 

Изилдөө иштеринин жыйынтыгы "Nature" аттуу эл аралык илимий журналда 2015-жылдын август айындагы чыгарылышында "Цинктин ZIP 12 өткөрүүчүсү өнөкөт гипоксияда өпкөнүн кан-тамырларынын реакциясын жөнгө салат" аттуу макалада жарык көргөн. 

Окумуштуулар далилдегендей, ZIP 12 гени адамдар менен малдын өпкөсүнүн кан басымы үчүн маанилүү роль ойнойт. Бул ачылыштар жакынкы мезгилде өпкө кан басымынын көтрүлүшүнө каршы дары иштеп чыгууга мүмкүндүк берет.

Академик Алдашев — Борбор Азия өлкөлөрүнүн илимий-изилдөөчү мекемелери боюнча учурда эл аралык "Nature" журналына макала жарыялаган жалгыз өкүл. 

Жаңылыктар түрмөгү
0