Кыргызстанда KfW жергиликтүү бюросун түзүү жөнүндө макулдашуу ратификацияланды

© flickr.com / Bandeira da AlemanhaГерманиянын желеги. Архив
Германиянын желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

БИШКЕК, 2-июль — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев "2015-жылдын 15-июнунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргызстан менен Германиянын ортосундагы KfW жергиликтүү бюросун түзүү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" мыйзамга кол койду. 

Диль: КР менен Германиянын ортосундагы кызматташуу өнүгүшү керек
Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2015-жылдын 26-июнунда кабыл алынган.

Ага ылайык, макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргызстан тарабынан аткарылганы жөнүндө Германия тарапка белгиленген тартипте  маалымдоо тапшырмасы Тышкы иштер министрлигине  берилди.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Жаңылыктар түрмөгү
0