ИИМ: Футбол күйөрмандары менен кагылышта 10 милиция кызматкери жабыркаган

Жазылуу
Стадионго кире бериште 12 милиция кызматкери ар кандай жаракат алып, анын бешөөнө медициналык жардам көрсөтүлгөн. Баш мээси чайкалган деген диагноз менен эки кызматкер ооруканага жаткырылса, дагы бешөөнө оорукана баракчалары ачылган.

БИШКЕК, 18-июнь — Sputnik. Кыргызстан-Австралия оюнунда футбол күйөрмандары менен кагылышуудан ИИМ Атайын даярдыктагы аскерк полкунун (АДАП) 12 кызматкери жабыркаганын Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Жанар Акаев. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Жанар Акаев: президент футбол таймашын уюштуруудагы кемчиликтерге ачууланды
Оюн учурунда коомдук тартипти көзөмөлдөө үчүн милиция менен бирге АДАПтын кызматкерлери да тартылган. 

Маалыматка ылайык, стадионго кире бериште 12 милиция кызматкери ар кандай жаракат алып, анын бешөөнө медициналык жардам көрсөтүлгөн. Баш мээси чайкалган деген диагноз менен эки кызматкер ооруканага жаткырылса, дагы бешөөнө оорукана баракчалары ачылды.

Ооруканада жаткан милиция кызматкерлерин ички иштер министринин орун басары Рыскулбек Жапаркулов барып көрүп, материалдык жардам берди. 

Учурда күйөрмандар менен кагылышуудан жабыр тарткан милициянын башка кызматкерлерин да сыйлоо маселеси каралууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0