Алимбеков "Кыргызалтын" ААК башкармалыгынын төрагасынын милдетин аткарат

© Sputnik / Владимир Пирогов / Медиабанкка өтүүКумтөр. Архив
Кумтөр. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Кыргызалтын" ААКтын башкармалыгынын төрагасы Токон Мамытов отставкага кеткенден кийин анын милдетин аткаруучу болуп дайындалган Кылычбек Шакиров дагы өз ыктыяры менен кызматтан кеткен.

БИШКЕК, 4-май — Sputnik. Алмаз Алимбеков "Кыргызалтын" ААК башкармалыгынын төрагасынын милдетин аткаруучу болуп дайындалганы компаниянын расмий сайтында маалымдалды.

Кумтөр кени. Архив - Sputnik Кыргызстан
Центерранын жаңы өндүрүш планы кыргыз тарапты туңгуюкка такады
Ишкананын башкармалыгынын мурдагы жетекчиси Токон Мамытов "Кумтөр" маселеси боюнча премьер-министр менен пикири келишпегендиктен отставкага кеткен. Ал кеткенден кийин башкармалыктын жетекчисинин милдетин аткаруучу болуп Кылычбек Шакиров дайындалган. Ал да өз ыктыяры менен кызматтан кетти.

Алимбеков буга чейин өкмөт аппаратынын өнөр-жай, жер казынасын колдонуу жана отун-энергетика бөлүмүн башчысынын орун басары кызматын ээлеп келген.

15-майда "Кыргызалтынтын" акционерлеринин жыйыны болот. Жыйында компаниянын директорлор кеңешинин курамы аныкталат.

Жаңылыктар түрмөгү
0