Кыргыздар Ноорузду дүйнөнүн бардык булуң-бурчтарында майрамдайт

© Sputnik / Владимир Пирогов / Медиабанкка өтүүНооруз майрамы. Архив
Нооруз майрамы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Дүйнөнүн отуздан ашык шаарлардында кыргыз диаспоралары Ноорузду майрамдоо боюнча кенен иш-чараларды өткөрөт.

БИШКЕК, 20-мар — Sputnik. Кыргыз диаспоралары дүйнөнүн кыргызстандыктар жашоочу бардык жерлеринде Ноорузду белгилейт деп билдирди Sputnik кабарчысына "Замандаш" ассоциациясынын диаспоралар менен иштөө боюнча координатору Азамат Айтбаев.

Ассоциация өкүлү жаңы жыл дүйнөнүн ондогон шаарларында майрамадала тургандыгын белгиледи. Эң чоң иш-чаралар Казакстанда, Россияда, Түркияда, АКШда жана Түштүк Кореяда өтөт.

"21-март күнү Астанада Казакстан элдеринин ассамблеясы менен бирге майрам болот. Коңшу республикада Нооруз 22-мартта белгиленгендиктен, майрам күнү алмаштырылды. Алматыда 26-мартта күрөш, аркан тартыш, кол күрөш боюнча таймаштар өтүп, ага биздин да мекендештер катышат", — дейт Айтбаев.

Россиянын көптөгөн шаарларында: Москвада, Екатеринбургда, Красноярскиде, Иркутскта, Санкт-Петербургда жана Оренбургда да ири иш-чаралар өтөт. Кыргыз диаспоралары 80 маданий борбордо бардык каалоочуларды кыргыздын каада-салты жана маданияты менен тааныштырат.

"Алсак, Түштүк-Сахалинскте кыргыз эстрада чеберлери өз өнөрлөрүн көрсөтөт. Түрк тилдүү республикалардын күчтүү диаспоралары бар көптөгөн шаарларда биргелешкен оюн-зооктор болот. Биз боз үйлөрдү тигип, сүмөлөк бышыралы деп жатабыз", — деп пландары менен бөлүштү Айтбаев.

Түркиядагы кыргыз диаспорасы Анкара жана Стамбул шаарларынын муниципалитеттери менен бирге иш-чараларды өткөрмөкчү. 

"Майрамдык салтанатта ван кыргыздарына да чоң орун берилет. Спорт таймаштары өткөрүлүп, улуттук тамак-аштар коюлган дасторкон жайылат", — деп билдирди "Замандаштын" өкүлү.

Батыш шарым шарында жашоочу кыргыздар да Ноорузду белгилөөдө четтке калбайт. Чикагодо дем алыш күндөрү "Мисс Борбордук Азия — Чикаго" конкурсу өтүп, анда кыргызстандыктар эле эмес Азиянын башка диаспора өкүлдөрү да катышат. "Мисс Нооруз-2015" деп аталган ушундай эле конкурс Германиянын Бонне шаарында да болот.

"Чикаго, Нью-Йорк, Вашингтон, Калифорния, Берлин, Мюнхен шаарларынын диаспоралары Ноорузду чоң майрамдашат. Биздин жердештер Японияда, Малайзияда, Кытайда, Канадада, Францияда, Бельгияда, Польшада, Италияда жана Испанида да чогулушат", — деди Айтбаев.

Түштүк Кореядагы кыргыз диаспорасы Ноорузду бөтөнчө белгилөөнү чечти: ал жерде байгелик фонду миллион вон (55 миң сомду) түзгөн лотарея ойнотулат.

Жаңылыктар түрмөгү
0