Дубай, Москва жана Рим шаарындагы мекендештер "Кара жорго" флешмобун уюштурууда

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызский национальный танец "Кара-Жорго"
Кыргызский национальный танец Кара-Жорго - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Флешмобго Дубай, Москва, Рим шаарында жашаган мекендештер катышууда.

БИШКЕК, 16-мар. — Sputnik. Чет мамлекетте жашаган кыргызстандыктар 21-март, Нооруз майрамына карата "Кара жорго" флешмобун уюштуруп жатат. Учурда ага Дубай, Москва, Рим жана Бишкек шаарындагы мекендештер катышууда. Бул тууралуу аталган иш-чаранын демилгечиси Жанара Мыйтанова Sputnik сайтынын кабарчысына билдирди.

Мыйтанова бул иш-чарага ар бир мамлекеттен үчтөн киши эле катышып жатканын кошумчалады.

"Көп кишилерди чогултууга мүмкүн болбой атат. Бардыгынын иши бар", — деди ал.

Улуттук бийлер боюнча иш-чарага Москва шаарынан катышып жаткан Асель Ибраимова буларга токтолду.

"Кыргыздар көп делген Москва шаарынан болгону үч гана киши чогула алдык. Башкалары ишибиз бар деп убактысынын тардыгын айтышты. Биз видеону Москвадагы Эл чарба жетишкендиктеринин көргөзмөсүнүн паркында тарттык. Ошол жакта жүргөн кишилерди видеого тартып бергиле деп сурандык", — деди ал.

Мындай демилге Фейсбук социалдык тармагындагы "Чет жактагы кыргызстандыктар" ("Кыргызстанцы за рубежом") тайпасында жарыяланган. Ар бир өлкөдө кыскача тартылган видеолор бириктирилип, 21-март, Нооруз майрамына карата атайын ролик болуп чыгат.

Кыргыздардын "Кара жорго" бийи 2013-жылдан баштап жанданып, эл арасында, маданий иш чараларда бийленип келет.

Жаңылыктар түрмөгү
0