Адистер атайы ташталган ийнелерден эч ким оору жуктурган эмес деп билдирет

Спид в Кыргызстане
Спид в Кыргызстане - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"СПИД" республикалык бирикмеси АИЖВ жугузулган ийнелер атайы ташталышы мүмкүндүгү жөнүндө соцтүйүндөрүндө пайда болгон маалыматтарга комментарий берди.

БИШКЕК, 12-мар. — Sputnik. "СПИД" республикалык бирикмесинин өкүлү Улан Сарымсаков Sputnik маалымат сайтынын кабарчысынын суроолоруна жооп берип жатып, атайын ташталган медициналык ийнелерден АИЖВ жуктуруп алган учурлар Кыргызстанда катталбагандыгын билдирди.

АИЖВ жугузулган ийне дээрлик коркунучсуз

— Кайсы бир кара өзгөй адамдар АИЖВ жугузулган ийнелерди кинотеатрлардын, учактардын, шаардык унаалардын отургучтарына атайын таштап кетип жатат деген малыматтар соцтүйүндөрүндө үзгүлтүксүз пайда болууда. Интернетти пайдалануучулар коомчулукту мындай көйгөйдүн мүмкүн болушуна көңүл бурууга чакырат. АИЖВны ташталган ийнеден жугузуп алууга болобу?

— Оору жуккан кан менен булганган ийнеге кокус сайынуудан АИЖВны жугузуп алуу коркунучу өтө төмөн жана орто эсеп менен ал 0,3 пайызды түзөт. Башкача айтканда, миң кишиден үчөө гана жуктуруп алышы мүмкүн. 

— Эгер чын эле ийнеге сайынып алса, биринчи кезекте эмне кылыш керек?

— Биринчи жардам — ийне кирип кеткен жерден чыгуучу канды токтотпош керек, жана жараны агын суу менен самындап жууп, кургак таза нерсе менен таңып, токтоосуз түрдө "СПИД" борборуна же тез жардам кызматына кайрылуу талап кылынат. Дарыгер ооруну жуктуруп алуу мүмкүндүгүн баалап, зарыл болсо АИЖВге каршы катыштыгы болгондон кийинки профилактика (ККП) жүргүзүүнү жазып берет. Ага ылайык, 28 күн ретровирустарга каршы дарыларды ичүү талап кылынат. Бул ооруну жугузуп алуу коркунучун 80 пайызга кыскартат. АИЖВге каршы ККП акысыз жүргүзүлөт.

— Өзүңүз мындай окуяга ишенесизби? Жана сиздин практикаңызда, мүмкүн, башка өлкөлөрдө мындай болгонбу?

— Мындай окуянын болуу мүмкүнчүлүгү жокко эсе. Кыргызстанда аталгандай жол менен АИЖВ жуктуруп алган учур катталган эмес.

Өлкөдө АИЖВ боюнча бүгүнкү абал

— КРде СПИД менен ооругандарга байланышкан абал кандай?

— Үстүдөгү жылдын башына карата АИЖВ алып жүрүүчүлөрдүн саны 5 миң 760 адамды түзөт. Алардын 95,5 пайызы —Кыргызстандын жарандары, калганы — чет элдиктер. СПИД менен ооругандардын саны 694 адам. КР эгемендүүлүк алган мезгилден бери 1 миң 96 АИЖВ жуктуруп алган адам каза болду. Анын ичинен 343 кишинин оорусун СПИДге айланган болчу. 

АИЖВ жугузуп алган учурлар республиканын бардык аймактарында катталууда. АИЖВ алып жүрүүчүлөрдүн жана СПИД менен ооругандардын саны Ошто эң көп кездешет. Аталган шаарда жалпыв каттоого алынгандардан 927 адам (16,8 пайыз). Бишкекте 826 (15 пайыз), Чүй областында — 1 миң 646 (29,9 пайыз), Ош областында — 1 миң 78 адам (19,6 пайыз) жашайт.

АИЖВ жуктуруп алгандардын басымдуу бөлүгү 20дан 39 жашка чейинкилер болуп эсептелет.

Жаңылыктар түрмөгү
0