Бишкек — Нарын — Торугарт жолу ачык

Жазылуу
Бишкек — Нарын — Торугарт жолу эки багытка тең ачылды.

БИШКЕК, 2-фев — Sputnik. 1-февралда саат 17:55 чамасында Бишкек — Нарын — Торугарт жолунун 313-чакырымына топурак аралаш таш кулап, жолду бууп калган. Транспорт жана коммуникациялар министринин маалымат катчысы Кылычбек Досумбетовдун Sputnik сайтына билдиришинче, учурда жол эки багытка тең ачылды.

"Бишкек — Нарын — Торугарт жолуна бийиктиги беш-алты метр, узундугу 30-50 метр болгон топурак аралаш таш түшкөн. Тазалоо иштери жүрүп, учурда жол эки багытка тең ачылды", — дейт ал.

Бишкек — Нарын — Торугарт жолу стратегиялык маанидеги жол болуп эсептелет.

Жаңылыктар түрмөгү
0