Сариева: КМУнун ректорун шайлоо “шайлоо оюндары жана салттарысыз” өтпөй жатат

© Sputnik / Павел Лисицын / Медиабанкка өтүүАрхив: абитуриенттердин тизмеси
Архив: абитуриенттердин тизмеси - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эльвира Сариева Ж.Баласагын атындагы КМУнун ректорун шайлоого байланышкан кырдаалга түшүндүрмө берип, ошондой эле абитуриенттерди ЖОЖго кабыл алууда ведомство тараптан да кетирилген кемчиликтер бар экендигин моюнга алып, ошол себептен ички териштирүү да жүрүп жаткандыгын айтты.

БИШКЕК, 14-янв — Sputnik. Билим берүү жана илим министри Элвира Сариева Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин ректорун шайлоо жөнүндө, ошондой эле абитуриенттерди мыйзамсыз кабыл алууга байланышкан чуулгандуу окуя жөнүндө Sputnikтин кабарчысынын суроолоруна жооп берди.

— Белгилүү болгондой, билим берүү министрлиги Кыргыз Улуттук университетинин ректорун шайлоо жыйынтыгын жокко чыгаруу жөнүндө сот чечиминин үстүнөн доо арызын жазууга ниеттенүүдө. Биринчи май сотунун чечими күчүндө кала турган болсо, шайлоо кайра качан өткөрүлөт жана ректорлукка талапкерлердин ортосундагы "көмүскө оюндарга" жол бербөө үчүн ведомство ачык добуш берүүгө катышабы?

Архив: Кыргызский национальный университет имени Баласагына КНУ - Sputnik Кыргызстан
Улуттук университеттин ректорун шайлоо боюнча жыйынтык жокко чыгарылды
— Ж.Баласагын атындагы КМУнун ректорун шайлоо 2014-жылдын 18-октябрында өткөн. Анын натыйжасында эң көп добуш алган үч талапкер министрлик тарабынан премьер-министрдин кароосуна коюлган. Бирок жетиштүү добуш албай калган талапкерлердин бири Бишкектин Биринчи май райондук сотуна шайлоонун жыйынтыктарын жокко чыгаруу арызы менен кайрылган жана сот өз чечими менен бул арызды канааттандырган болчу. Билим берүү жана илим министрлиги бул чечимге макул эмес, ошондуктан апелляциялык арыз берди. Маселе сот чегине өткөн, ошон үчүн эми КМУнун ректору бул териштирүүлөр аяктагандан кийин дайындалат. 

Өлкөнүн эң ири окуу жайларынын биринде өткөн шайлоо Кыргызстанда ректорду шайлоо да белгилүү болгон “шайлоо оюндары менен салттарысыз” өтпөй тургандыгын көрсөттү. Жана жогоруда аталган окуяларга байланыштуу билим берүү коомчулуктарынан министрликке бир катар сунуштар келип түштү. Өз кезегинде жогорку окуу жайларынын ректорлорун шайлоо процесси боюнча айрым ченем-укук акттарына өзгөртүүлөрдү киргизүү каралып жатабыз. Мунун натыйжалары жөнүндө министрлик кечирээк маалымат берет. 

— Өткөн жылдын аягында 2014-жылдагы абитуриенттерди кабыл алууга байланышкан окуянын себебинен КРСУнун ректору Владимир Нифадьевди иштен алуу маселеси курч коюлган болчу. Бул факт боюнча кандайдыр бир иш жүргүзүлүп жатабы? Ага карата административдик же кылмыш жаза чаралары көрүлөбү?

— Кыргыз-Россиялык Славян университети эки жакка баш ийүүчү окуу жайы болуп эсептелет, ошондуктан ага, анын ичинде ректорго байланышкан бардык маселелер КР менен Россиянын өкмөттөрү тарабынан учурда иштеп жаткан келишимдерге ылайык чечилет. КРСУга абитуриенттерди кабыл алуу маселеси биз мурдатан кеп кылган комиссиянын иш жыйынтыктарынан кийин каралат. 

— Атайын комиссия өткөн жылдарда ЖРТнын натыйжалары боюнча жогорку окуу жайларга абитуриенттерди мыйзамсыз кабыл алуу факттарын иликтөөнү 2015-жылдын 15-февралына чейин улантат. Коррупциялык аракеттерге катыштыгы бар ЖОЖдордун жетекчиликтерине карата кандай чаралар көрүлөт? Жыл сайын мындай жол менен окуу жайларга ондогон студенттер өтүп жаткандыгы жашыруун эмес да.

Архив: билим берүү министри Канат Садыков - Sputnik Кыргызстан
Прокуратура министр менен КРСУнун ректорун кызматтан алууну сунуштады
— Жумушчу комиссия Башкы прокуратуранын токтомуна жана ЖОЖдордогу гранттык орундарга абитуриенттерди мыйзамсыз кабыл алууга байланышкан чуулгандуу окуялардан кийин түзүлгөн. Жыл сайын мамлекет ар түрдүү адистиктер боюнча 5 миң 705 абитуриенттин окуу акысын төлөйт. Аталган орундарга абитуриенттерди кабыл алуу эң көп суроолорду жаратат жана ченем-укуктук акттардын үзгүлтүксүз бузулуп жатышын көрсөтөт. Ошондуктан кабыл алынган абитуриенттердин тизмелери менен Билим берүү министрлигинин алар боюнча маалыматтарын салыштырып, алар чынында эле гранттык орундарга талапкерлене ала турган КРнын жарандары болуп эсептелерин, алардын ЖРТ боюнча алган упайларын текшерүү жөнүндө чечим кабыл алынган. Бул жагынан ведомствонун да кемчиликтери бар экендиги айкын, ошон үчүн ички териштирүү да жүрүп жатат. 

Министрлик жогорку окуу жайларынын жетекчилерине комиссия мүчөлөрүнө маалымат берүүдө көмөк көрсөтүү сунушу менен кайрылган. Бул чоң иш, бирок быйылкы абитуриенттерди киргизүү башталганга чейин тийиштүү чечимдерди кабыл алууга үлгүрүшүбүз керек. Комиссиянын иш жыйынтыктары боюнча тийиштүү чаралар көрүлөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0