18:41 10 Бештин айы 2016
Түз эфир
Ситуация вызывает озабоченность – Путин о распространении ИГ в Афганистане

Путин ЖККУ өлкөлөрүн ИМге каршы алдын ала чара көрүүгө даяр болууга чакырды

РИА НОВОСТИ. SPUTNIK
Жаңылыктар
Кыскача шилтеме алуу
23 0 0

Путин ЖККУнун шейшембиде өткөн кеңешинде террористтик топтор Борбордук Азияда өзүлөрүнүн активдүү иш-аракеттерин жайылтууга далалат кылып жаткандыгын жана мындай шартта ЖККУ өлкөлөрү алдын ала көрүлө турган тийиштүү чараларга даяр туруш керектигин билдирди.

БИШКЕК, 24-дек — Sputnik. Россиянын президенти Владимир Путин Жамааттык коопсуздук кеңеш уюмуна (ЖККУ) катышкан өлкөлөрдү "Ислам мамлекети" тобунун Борбордук Азияда жайылуусуна каршы алдын ала чараларды көрүүгө даяр болууга чакырды деп билдирет РИА Новости.

"Учурдагы абал тынчсыздандырып жатат, ислам мамлекети деп аталган топтун Афганистандын айрым провинцияларын ислам халифатына киргизебиз деген согушчандары пайда болду. Террористтик топтор Борбордук Азияда өз активдүүлүгүн кеңейтүүгө далалаттанууда. Мындай шартта ЖККУ өлкөлөрү алдын ала көрүлө турган тийиштүү чараларга даяр болушу керек", — деди Путин шейшемби күнү ЖККУнун Кеңешинин отурумунда.

Анын айтымында, "Афганистан менен өз ара тыгыз иш-аракеттерди кеңейтүү ЖККУнун көңүл борборунда калышы керек".

"Биз Афганистан гүлдөп-өскөн, бейкут жана бейтарап өлкө болушуна кызыгабыз. Анын жаңы жетекчилиги өлкөдө туруктуулуктун орношуна активдүү күч-аракеттерди жумшайт деген ниетибиз бар", — деп билдирди Путин.

Үстүдөгү жылдын жайында ИМ уюму Сирия менен Ирактын өзү басып алган жерлеринде "халифат" орнотулду деп жарыялаган. ИМ Сириянын аймагында мамлекеттик күчтөргө каршы аракеттердин жүрүшүндө абдан чоң күч топтоп, эң ырайымсыз деген атка конгон. Согушчандардын аракеттеринин натыйжасында бир нече миң карапайым тургун каза таап, жүз миңдеген адамдар качкынга айланып, дагы бир нече миңи барымтада жатат.

Тема боюнча

"Ислам мамлекети" террористтик тобу
Белгилер:
ЖККУ, ИМ, Владимир Путин, Ирак, Сирия, Афганистан, Борбордук Азия

ЭҢ МААНИЛҮҮ