Чет жактагы кыргыз ишкерлери КРге өнөр жай аймагын салуу керектигин айтышты

© Sputnik / Антон Денисов / Медиабанкка өтүүАрхив: город Стамбул
Архив: город Стамбул - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Түркиянын Стамбул шаарында өткөн кыргызстандыктардын III бизнес форумунун катышуучулары Кыргызстанга атайын өнөр жай аймагын салуунун маанилүү экендигин белгилешти.

БИШКЕК, 22-дек — Sputnik. Чет жакта ишкердик кылып жүргөн кыргызстандыктар КРге атайын өнөр жай аймагын салуу керектигин белгилешти. Бул тууралуу Sputnik сайтына Стамбул шаарында 12-13-декабрь күндөрү өткөн III бизнес форумдун катышуучусу Тыныбек Жукешев билдирди.

Анын айтымында, түркиялык тарап мындай өнөр жай аймагын салып берүүгө даяр.

"Кыргызстанда атайын өнөр жай аймагы керектигин бизнес форумдун катышуучулары бир ооздон белгилешти. Бизди сүйүндүргөнү — түркиялык тарап мындай аймакты салып берүүгө даяр экендиги болду. Учурда алар Эфиопия мамлекетине ушундай аймакты салып берип жатышыптыр. Алардын бизге мындай аймакты куруп бериши үчүн мамлекет тарабынан атайын макам, тактап айтканда президент же премьер-министрдин деңгээлиндеги уруксат керек экен", — деди ал.

Жукешев ошондой эле, эгер өнөр жай аймагы ачылса, кичи жана чакан ишкерлик менен алектенгендерге абдан жакшы шарт түзүлөрүн, экспорт жагы алдыга жыларын кошумчалады. Бир эле мисалы катары, Ысык-Көлдүн жана Баткендин өрүгүн КМШ мамлекеттерине гана эмес, жакынкы чыгыш, Европа өлкөлөрүнө экспорттоого мүмкүнчүлүк жаралмактыгын айтты.

III форумдун дагы бир катышуучусу, "Замандаш" ассоциациясынын координатору Азамат Айтбаев бул кезектеги көп жолугушуунун бири эмес, натыйжа бере турган форум болгондугун айтты.

"Форумда ири инвестициялык чоң долбоорлор талкууга алынып, ага түрк бизнесмендери да катышып, өз тажрыйбалары менен бөлүштү. Андан сырткары дүйнө жүзүндөгү кыргыз ишкерлеринин базасын топтоо туурасында сөз болду. Ал үчүн атайын платформа түзүп, алардын өз ара байланыштарын чыңдоо зарылдыгы айтылды", — деп билдирди ал.

Бул форумга Кыргызстандын бийлик өкүлдөрүнөн — Бажы жана Салык инспекцияларынын, Экономика министрлигинин өкүлдөрү да барган.

Бизнес форумда Кыргызстандын айыл чарба продукцияларын чет жакка системалык түрдө алып чыгуу маселеси каралганын, анын ичинде төө буурчактын баасын мамлекет да көзөмөлдөшү керек деген пикирлер айтылганын Айтбаев кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0