12:07 04 Бештин айы 2016
Түз эфир
Ожидание проверки японских автомобилей

Япониядан машине сатып алгандар текшерүүнүн создуктурулушуна нааразы

© Фото / Болот Ибраев
Жаңылыктар
Кыскача шилтеме алуу
20 0 0

Япониядан машине сатып алгандар радиациялык фон текшерүүнү создуктурганына нааразы.

БИШКЕК, 16-дек — Sputnik. "Аламүдүн" темир жол станциясында Япониядан келген машинелердин радиациялык фонун текшерүү создуктурулуп жатканына нааразы болгон 30га жакын киши чогулду. Бул тууралуу чогулгандардын бири Болот Ибраев биздин кабарчыга билдирди.

Анын айтымында, заказ менен Япониядан келген 43 машине шейшембиде текшерилмек. Комиссия курамына кирген ӨКМ, санэпидстанция жана экология өкүлдөрү үчүнчү жолу чогулалбай келишет.

"Биз машинелерди Япониядагы компания аркылуу заказ кылганбыз. Ал жакта текшергенде радиациялык фон белгиленген норманы ашпай турганы аныкталган. Бул жакта болсо текшерүү жүргүзүү үчүн үчүнчү жолу чогула албай атат. Ошол эле учурда бизге кандай жол менен радиациялык фон текшериле турганын жана өлкө аймагына кантип киргизилерин так түшүндүрүп беришпейт. Көп машине киргизилбей турат. Мисалы, менин машинем 22-ноябрдан бери станцияда. Өткөндө да текшерүү ушинтип созулуп кеткенде, аппаратты Казакстанга текшерүү үчүн алып кетти дешкен. Бүгүн 43 машинени текшеребиз дешкен", — деди Ибраев.

Ал башында топтолгондор "эмне үчүн комиссия чогула албай?" атат деп нааразы болуп атышканын, бирок учурда абал тынч экенин кошумчалады.

"Эл нааразы болууда. Жаңы бажы тарифтери 10 күндөн кийин иштеп баштайт. Анан калса биз машине токтотуучу жайга көптөн бери акча төлөп келатабыз. Жалпысынан 160 машине турат. Кээ бир нече машинени Кыргызстан аймагына киргизбөө боюнча чечим кабыл алынды", — деди Ибраев.

Учурда комиссия чогулуп, 10 машинени текшерип атат.

Тема боюнча

ЖК оң рулдуу унаа алып келүүгө тыюу салган мыйзам долбоорун колдоду
Белгилер:
Япон машинелерин алып келүү, Мамлекеттик бажы кызматы, Болот Ибраев, Япония, Бишкек, Кыргызстан

ЭҢ МААНИЛҮҮ