Партиянын принципиалдуу тапшырмасы болсо, анда министр болом

© Фото / пресс-служба ЖК КРИрина Карамушкина
Ирина Карамушкина - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Парламент депутаты Ирина Карамушкина партия ишеним артса, министрлик кызматка барууга макул.

БИШКЕК, 16-дек — Sputnik. КСДП фракциясынын депутаты министр болууга каршы эместигин айтты.

"Эгерде бул партиянын принципиалдуу тапшырмасы болсо, анда министр болом",- деп билдирди Sputnik маалымат сайтына Ирина Карамушкина.

Алды кийин бул тармакта иштебегендиктен, эркине койсо аталган кызматка өз каалоосу менен барбай тургандыгын да айтты.

"Негизинен Эмгек, миграция жана жаштар министрлигин жоюуга мен да макулмун. Аны өзүнчө Департамет же Билим берүү же Социалдык өнүгүү министрликтеринин алдына мамлекеттик агенттик кылып түзүү идеясын колдойм", — деди Карамушкина.

Мындан сырткары ал министрлик кызмат боюнча эч кандай чечим кабыл алына электигин айтты.

Өткөн жума күнү президенттин  Жарлыгы менен Эмгек, миграция жана жаштар министри Алиясбек Алымкулов иштен бошотулган.  Ал эми КСДП фракциясы бул кызматка үч депутатты сунуштап, алардын бири Ирина Карамушкина болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0