Анапияевдин адвокаты анын Дубайда кармалбагандыгын билдирди

Жазылуу
КР Ички иштер министрлиги УКТ мүчөсү Анапияевдин кармалганы боюнча ЖМКларга чыккан маалыматты тастыктаган эмес.

БИШКЕК, 15-дек — Sputnik. Алманбет Анапияев Дубайда кармалбаганын анын адвокаты Жыргалбек Бабаев биздин кабарчыга билдирди.

Анын айтымында, Анапияевди өткөн жумада полиция бөлүмүнө ким экенин аныктоо үчүн гана чакырып, андан кийин коё беришкен.

"Жалпыга маалымдоо каражаттарына Алманбет Анапияевди Дубайдан кармашты деген маалымат чыгып кеткен. Бул жалган. Анапияев ал жакта жашап жаткандыктан полиция бөлүмүнө ким экендигин аныктоо үчүн гана чакырышкан", — деди ал.

Архив: интерполдун сайты - Sputnik Кыргызстан
ИИМ: УКТнын мүчөсү Анапияевдин Араб Эмираттарында кармалганы тактала элек
Бабаев өз сөзүндө, Анапияев эл аралык издөөгө алынганына карабастан, өзүн "күнөөлүү деп эсептебей турганын" кошумчалады.

2011-жылы Анапияевге Кылмыш жаза кодексинин "Тоноочулук", "Адам уурдоо" жана "Мыйзамсыз эркинен ажыратуу" беренелери боюнча сыртынан кылмыш иши козголгон. Бишкек шаардык Биринчи Май райондук соту аны камакка алуу өкүмүн чыгарып, ага издөө жарыяланган.

Жаңылыктар түрмөгү
0