Бишкекте кар адаттан тышкары көп жаады

© Sputnik / Табылды КадырбековАрхив: кар алдындагы жол конусу
Архив: кар алдындагы жол конусу - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бишкектин көчөлөрүн кардан тазалоого "Тазалык" муниципалдык ишканасынын бардык атайын техникасы чыгарылган. Мэриянын ырастоосу боюнча, техника күнү-түнү иштеди.

БИШКЕК, 8-дек — Sputnik. Бишкекте өткөн жекшембиде кар адаттан тышкары көп жаады деп билдирди Sputnikтин кабарчысына Кыргызгидрометтин аба ырайын алдын ала билдирүү бөлүмүнүн башчысы Махбуба Касымова.

Анын айтымында кардын мынча калың түшүүсүнө Урал тараптан келген кар циклону себеп болду.

"Бүгүн түнү абанын температурасы кескин төмөндөп, —25 градуска чейин түшүүсү күтүлүүдө. Акыркы он жылда декабрдын башы үчүн мүнөздүү болбогон мындай өзгөрүү биринчи жолу болуп жатат. Бул күнү аба ырайынын эң төмөн — 34 градус — болушу 1934-жылы катталган", — деп айтты башкы синоптикачы.

Ошондой эле Кыргызгидрометтин адиси жакынкы беш күндө аба ырайынын сууктугу түнкүсүн —15 градустун, ал эми күндүзү —5 градустун тегерегинде боло тургандыгын кошумчалады. Бул күндөрү кардын жаашы күтүлбөйт. 

Өз кезегинде коммуналдык кызматтар жолдордо карды тазалоо иштерин күнү-түнү толук жүргүзүп жаткандыгы тууралуу шаардын муниципалитети отчёт берүүдө. 

"Борбор калаада кечээки түшкөн калың кардын кесепеттери жоюлуп жатат. Кечинде унаалардын агымы азайган мезгилде "Тазалык" муниципалдык ишканасынын кар тазалоочу техникалары чыкты. Бишкектин борбордук көчөлөрүндө иш түнү бою кызуу жүрдү. Саат 21.00де "Тазалыктын" жумушчуларынын үч бригадасы шаарды кардан тазалоону башташкан. 27 кар тазалоочу техника колдонулду. Алардын ичинде беш трактор, төрт грейфердик жүктөгүч, эки жол тазалоочу (КДМ) ЗИЛ жана 16 МАЗ КО-806 маркасындагы 16 техника бар", — деп билдиришти шаардын мэриясынан.

Андан тышкары, муниципалитеттен билдиргендей, азыркы учурда жолдорго себүү үчүн кампада 1 миң 692 тонна кум жана 258 тонна туз бар. Инерттик материалдарды алып келүү дагы улантылууда. 

Андан сырткары, аба ырайынын катаал шарттары эл аралык "Манас" аэропортунун ишине өз кедергисин тийгизди. "ЭМА" ААКнын аткаруучу директору Илим Карыпбеков белгилегендей, кардын катуу жаашы аэропортту жаап, авирейстерди кабыл алууну жана жөнөтүүнү түшкө чейин токтотууга аргасыз кылды.

"Учактар конуп жана уча алуусу үчүн бардык техника учуу тилкелерин кылдат тазалап жатышты. Эртең менентен бир нече авиарейстер кармалды, бирок түшкө жакын бардык маселелерди чечүүгө жетиштик", — деп баса белгиледи ААКнын аткаруучу директору.

Ошону менен бирге Карыпбеков жүргүнчүлөргө байланышкан көйгөйлөр да жаралып, бирок ал аэропорттун өзүнөн көз каранды болбогондугун кошумчалады.

"Документтерди түзүп-каттоодо чек ара жана бажы кызматтары тарабынан кечеңдетүүлөр болду. Тейлөөнү жакшыртуу үчүн биз алардын ишине таасир кылууга аракет жасаганыбыз менен, алар бизге баш ийбестен иштейт", — деп белгиледи ААКнын аткаруучу директору.

Ылдамдыгы секундасына 18-20 метрге жеткен катуу шамалдын натыйжасында Чүй облусунда жана Бишкекте 96 фидер иштебей калган деп билдирет "Түндүкэлектро" ААКнын басма сөз кызматы. 

Билдирүүгө ылайык, авариялардын көпчүлүгү кыска мөөнөттүү болгон.

"Бул өчүрүүлөрдүн көпчүлүгү 6 киловольт электр кубатын өткөрүүчү аба линияларындагы бузулууларга байланышкан. Кардуу бороон саат 07.00гө жакын башталып, мезгил-мезгили менен 18-20 метрге жетип турду. Авариялардын көпчүлүгүн 22.38ге чейин четтете алдык. Авариялардын натыйжасында Бишкекте "Киргизия", "Ак-Өргө", "Дордой" конуштарынын тургундары, ошондой эле шаардын борбордук бөлүгү жарыксыз калды", — деп билдирди басма-сөз. 

Компаниядан билдиргендей, электр өткөрүүчү аба линиялары секундасына 15 метр ылдамдыктагы шамалга чыдай алат.

Жаңылыктар түрмөгү
0