Парламент балдарга спирт ичимдиктерин сатууга жоопкерчиликти күчөттү

© Фото / пресс-служба ЖК КРАрхив: Дастан Бекешев
Архив: Дастан Бекешев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Парламент жашы жете элек балдарга спирт ичимдигин саткандардын жоопкерчилигин мыйзам түрүндө күчөтүп, айыппул азырынча 5 миң сом деп бекитилди.

БИШКЕК, 5-дек — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаттары жашы жете электерге алкоголь ичимдиктерин сатуу үчүн жоопкерчиликти жогорулаткан мыйзам кабыл алды, деп жазылган ЖК депутаты Дастан Бекешевдин расмий сайтында. 

Мыйзам долбоорунун маалымкат-негиздемесинде Кыргызстандагы өспүрүмдөрдүн арасында алкоголь ичимдиктерин ашкере пайдалануу көйгөйү бүгүнкү күндө медициналык же укук коргоо жаатына гана тийиштүү маселе болуудан калды деп белгиленген. Бул эми мамлекеттик деңгээлдеги көйгөйгө айланды. Алкоголизмдин таралуу темпи коомдун түркүктөрү менен улуттун саламаттыгына доо кетире турган абалга жетип калды. 

"Эгерде жашы жете элек өспүрүмгө алкоголь ичимдиги сатылса, беш миң сом өлчөмүндө айып салынат. Алкоголдун зыяны туурасында эскертип койбогон сатуучу үч миң сом өлчөмүндө айыпка жыгылат. Ошондой эле 18.00дөн 00.00гө чейин алкоголду жарнамалоого тыюу салуу боюнча сунуш да каралган болчу. Бирок, муну менен катар эле алкоголду жарнамалоого таптакыр эле тыюу салып коюу боюнча да сунуштар бар", — деп чечмеледи жаңы киргизилип жаткан жоболордун демилгечиси Дастан Бекешев.

Сайтта аталган мыйзамга президент кол койгондон кийин спирт ичимдиктерин сатуучулар кардарлардын паспортун талап кылышы керек болот. Эгерде өздүгүн тастыктаган документ жок болсо, сатуучулар аларга товарын сатпоого милдеттүү болуп калат. Спирт ичимдиктерин жарнамалоого 07.00дөн 00.00гө чейин тыюу салынат.

Жаңылыктар түрмөгү
0