Оштун мурдагы вице-мэри 100 миң сомду жеп койгон деп күнөөлөнүүдө

© Фото / cercamonАрхив: Ош шаары
Архив: Ош шаары - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мурдагы вице-мэр Дастан Ходжаев түштүк калаада эстакадалык көпүрө курууга арналган 100 миң сомду өз чөнтөгүнө кымырып алуу фактысы боюнча кылмыш ишинин башкы айыпталуучусу катары каралууда.

БИШКЕК, 3-дек — Sputnik. Ош шаардык прокуратурасы шаардын мурдагы вице-мэри Дастан Ходжаевдин үстүнөн Кылмыш-жаза кодексинин "Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланануу" жана "Ишенип тапшырылган мүлктү ээлеп алуу же ысырап кылгандык" беренелери боюнча кылмыш ишин козгоду, деп билдирет шейшембиде ИИМдин Ош шаары жана Ош облусу боюнча Башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы.

Ош шаарынын мурдагы мэри Мелисбек Мырзакматовго издөө жарыяланды
Ноябрда Ош шаарынын ИИБнын тергөө бөлүмү тарабынан шаардын мурдагы вице-мэри Дастан Ходжаевдин үстүнөн ырчы Сыймык Бейшекеев шаарда эстакадалык көпүрө куруу үчүн берген 100 миң сомду кымырып алуу фактысы боюнча кылмыш ишин козгоду. Андан соң ИИМ аталган ишти Ош шаарынын прокуратурасына өткөрдү.

Тергөө материалдарына ылайык, Бейшекеев Ош шаарында эстакадалык көпүрө курууга 100 миң сомду кайрымдуулук концертинен кийин мэрияга тапшырган болчу. 

Андан сырткары, тергөө органдары шаарда эстакадалык көпүрөнүн курулушуна тиешеси бар түштүк борбордун мурдагы башчысы Мелисбек Мырзакматовдун үстүнөн да кылмыш ишин козгогон. 

"Мурдагы мэр мыйзамсыз түрдө шаардын муниципалитеттик кызмат жетекчилерине аталган көпүрөнү каржылап жана курулуш иштерин баштоону тапшырган", — деп белгилейт Башкы прокуратура.

Тергөөнүн жыйынтыктары боюнча Мырзакматовго КР КЖКнын 304 — "Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланануу" беренеси боюнча сыртынан айып тагылды. Ошол эле күнү Ош шаардык соту мурдагы шаар башчысына карата баш коргоо чарасы катары камакка алууну белгилеп, айыпталуучуга издөө жарыяланган.

Жаңылыктар түрмөгү
0