18:42 10 Бештин айы 2016
Түз эфир
Джоомарт Оторбаев и Виктор Христенко обсудили вопросы интеграции страны в Таможенный союз

Оторбаев Москвада ЕЭКтин коллегиясынын төрагасы менен жолукту

© Пресс-служба правительства / Сабыр Аильчиев
Жаңылыктар
Кыскача шилтеме алуу
Кыргызстан Бажы биримдигине кирүүгө ниеттенүүдө (53)
9 0 0

КР премьер-министри Жоомарт Оторбаев менен Евразиялык экономикалык комиссиянын (ЕЭК) коллегиясынын төрагасы Виктор Христенко Кыргызстандын Бажы биримдигине жана Бирдиктүү экономикалык мейкиндикке кошулуусу боюнча маселени талкуулашты.

БИШКЕК, 2-дек — Sputnik. Москва шаарында иш сапары менен жүргөн КР премьер-министри Жоомарт Оторбаев Евразиялык экономикалык комиссия (ЕЭК) коллегиясынын төрагасы Виктор Христенко менен жолугушту. Бул тууралуу КР өкмөтүнүн маалыматтык камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.

Жолугушууда Жоомарт Оторбаев Кыргызстандын Бажы биримдигине жана Бирдиктүү экономикалык мекиндикке кошулуу маселеси боюнча Иштиктүү топтун үч жыйыны өткөрүлгөнүн белгиледи.

"Иштин көп бөлүгү аткарылган, бирок алдыда дагы бир топ иштер турат. Тактап айтканда, өкмөт тараптан улуттук мыйзамдарды Евразиялык экономикалык интеграциянын келишимдик укуктук базасынын талаптарына ылайык келтирүү боюнча иштер жүргүзүлүп жатат", — деп белгиледи Жоомарт Оторбаев.

Виктор Христенко билдиргендей, ЕЭК коллегиясы кыргыз кесиптештери менен үзгүлтүксүз байланышта болуп, Кыргызстандын Бажы биримдигине жана Бирдиктүү экономикалык мейкиндикке кошулуусу боюнча “Жол картасын” ишке ашырууга тийиштүү маселелерди тез арада чечүүгө аракеттенүүдө.

Ошондой эле, бирдиктүү бажы тарифине өтүүдө Кыргызстандын үлүшүн аныктоо механизмдери, мамлекеттик чек ара аркылуу өткөн транзиттик жүктөрдүн статистикалык эсебинин статистикасы, өткөрүү пунктуларынын ишин жакшыртуу жана жабдуу, мамлекеттик чек араларды чыңдоо боюнча да сүйлөштү.

Тема:
Кыргызстан Бажы биримдигине кирүүгө ниеттенүүдө (53)
Белгилер:
Жоомарт Оторбаев, Бажы биримдиги, Виктор Христенко, Кыргызстан, Россия, Москва

ЭҢ МААНИЛҮҮ