АИВ илдети жуккан 83 аял өз ыктыяры менен боюнан алдырышты

© Sputnik / Саид Царнаев / Медиабанкка өтүүАрхив: Бейтапкана.
Архив: Бейтапкана. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
АИВ илдети жукканы аныкталгандан кийин 83 кош бойлуу аял ыктыяры менен боюнан алдырышкан.

БИШКЕК, 2-дек — Sputnik. Республикалык "СПИД" борборунун маалыматына ылайык, Кыргызстанда АИВ дартын каттоого ала баштагандан тартып 720 кош бойлуу аялда АИВ дарты бар экени аныкталган. Ошондой эле, 83 аял өз ыктыяры менен боюнан алдырышканын Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

597 төрөт катталса, анын ону эгиз төрөлгөн. 19 аялдын боюнан түшкөн. 

"Бекер берилген антиретровирустук препараттардын жардамы менен көп кишилердин жана балдардын өмүрүн сактап, аларды узартууга мүмкүн болууда. Кыргызстанда АИВ дартына чалдыккан аялдардан 607 бала төрөлгөн. Алардын ичинен балдардын 4 пайызынан гана "АИВ" илдети аныкталган. Каттоодон 189 бала алынган, бир жарым жашка чыкпай чарчап калган балдардын саны 49. Ал эми 14 ымыркай өлүү төрөлгөн", — деп Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билгилейт.

1-декабрь ИЖОС менен күрөшүүнүн эл аралык күнү катары белгиленет.

КРдеги ВИЧ инфекциясы боюнча абалды Sputnik даярдаган инфографикадан көрсө болот >>

Ситуация по распространению ВИЧ-инфекции в КР (кырг)
Ситуация по распространению ВИЧ-инфекции в КР (кырг) - Sputnik Кыргызстан
Ситуация по распространению ВИЧ-инфекции в КР (кырг)
Жаңылыктар түрмөгү
0