Министрлик жаңы жылдык эс алуу күндөрдүн долбоорун талкууга чыгарды

© Sputnik / Константин Чалабов / Медиабанкка өтүүАрхив: Кышкы эс алуу
Архив: Кышкы эс алуу - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эмгек, миграция жана жаштар министрлиги дем алуу күндөрдү жаңы жылдык майрамдарга которууну сунуштады.

БИШКЕК, 1-дек — Sputnik. Эмгек, миграция жана жаштар министрлиги дем алуу күндөрдү жаңы жылдык майрамдарга которуу боюнча документтин долбоорун коомдук талкууга алып чыкты. 

Министрлик дем алуу күндөрүн жаңы жылдык майрамдарга которуу боюнча токтомдун долбоорун иштеп чыкты. Бул элдин дем алуу күндөрүн майнаптуу пайдаланышы үчүн жасалууда деп билдирди аталган министрликтин басма сөз кызматы. 

Токтом долбоору жумасына 5 күн иштеп, 2 күн эс алуучу уюмдар менен мекемелердин, министрликтердин кызматкерлерине сунушталууда.

2014-жылдын 27-декабры 2-январь иш күнүнүн ордуна, ал эми 2015-жылдын 10 жана 17-январы 5-6-январдагы иш күндөрүнүн ордуна жумушчу күндөрү болуп калат. 

Ошентип, аталган министрлик 1-7-январь күндөрү тактап айтканда, жети күн эс алууну сунуштап жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0