ЖККУнун Туруктуу кеңешине жаңы өкүл дайындалды

© Владимир Пирогов / Медиабанкка өтүүАрхив: Кант шаарындагы ЖККУ базасынын ачылышынын 10 жылдык аземи
Архив: Кант шаарындагы ЖККУ базасынын ачылышынын 10 жылдык аземи - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мамбетсеитов ЖККУнун Туруктуу кеңешинде КРдин Туруктуу жана Ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды. Бул туурасында президенттин басма сөз кызматынын кабарлашты.

БИШКЕК, 4 ноя — Спутник Кыргызстан. Президент Алмазбек Атамбаев кол койгон Жарлыкка ылайык, КРдин РФтеги Элчилигинин кеңешчиси Аман Мамбетсеитов ишин айкалыштыруу менен Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Туруктуу кеңешинде Кыргызстандын Туруктуу жана Ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды.

Ал эми бул кызматта иштеген Ильязов Нурбек Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмуна караштуу Туруктуу кеңеште Кыргыз Республикасынын Ыйгарым укуктуу өкүлүнүн милдеттерин аткаруудан президенттин Жарлыгы менен бошотулду.

 


Жаңылыктар түрмөгү
0