Кыргызстанда иштөөгө 12 миңге жакын чет элдик жаранга уруксат берилген

Жазылуу
Кыргызстанда иштеген чет элдиктердин ичинен көбүн Кытай, Түркия жана Корея өлкөлөрүнөн келгендер түзөт.

БИШКЕК, 8-дек. — Sputnik. 11 айдын ичинде Кыргызстанда иштөөгө 12 миңге жакын чет элдик жаранга уруксат берилгенин Мамлекеттик миграция кызматы билдирди.

Аталган убакыт ичинде ведомстволор аралык комиссия 30 жолу жыйын куруп, чет элдик адистерди тартуу жаатында 2 380 билдирүүнү карап, анын 1836сы канааттандырылган.

Жалпысынан 11 751 чет элдик кишиге өлкө аймагында иштөөгө уруксат кылынган. Ал эми өкмөт тарабынан 2016-жылы 14 490 чет элдик адиске квота берилген болчу.

"11 751 чет элдик адистин 5 557си (47,3 пайызы) Бишкек шаарында, 2759 (23,5 пайызы) чет элдик адис Жалал-Абадда, 1763ү (15 пайыз) Чүй облусунда иштешет. Андан сырткары Ош, Ысык-Көл, Баткен, Нарын,жана Талас облусунда да иштешет", — деп айтылат маалыматта.

Андан сырткары Кыргызстандын базарларында 1 091 чет элдик жаран иштейт.

Сто долларовые купюры в конверте - Sputnik Кыргызстан
Индияда шылуундар кыргыз ЖОЖдоруна өткөрөбүз деп 26 миң доллардан алып жүрүшкөн
Жалпысынан 79 мамлекеттин өкүлдөрүнө Кыргызстанда иштөөгө уруксат берилген. Пайыздык катыш боюнча Кытай жарандары эң көп. Алар 77 пайызды түзөт. Кытай жарандары негизинен Кыргызстандын жолдорун оңдоо, Бишкек шаарындагы ТЭЦти реконструкциялоо, нефтини кайта иштетүү, мунай, газ жана алтын казуу тармагында иштешет. Андан кийинки орунда Түркиянын жарандары (8,6 пайыз) турат. Корея – 2,3 пайыз, Украина — 1,7 пайыз, Пакистан — 1,5 пайыз, АКШ — 1,2 пайызды түзөт.

Аталган мөөнөт ичинде иштөөгө уруксат берүүчү документтерди берүүдө республикалык бюджетке 48,5 миллион сом түшкөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0