Элчи Ыраакы Чыгыштагы кыргызстандыктардан кабар алды

© Фото / пресс-служба посольства Кыргызстана в РФКыргызстандын Россиядагы элчиси Болот Отунбаев Приморье крайындагы кыргыз диаспорасы менен жолугушууда
Кыргызстандын Россиядагы элчиси Болот Отунбаев Приморье крайындагы кыргыз диаспорасы менен жолугушууда - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандык дипломат Россияны түрө кыдырып жүрөт.

БИШКЕК, 27-окт. — Sputnik. Шаршемби күнү Кыргызстандын Россиядагы элчиси Болот Отунбаев Приморье крайындагы кыргыз диаспорасы менен жолукканын элчилик билдирди.

Маалыматка ылайык, элчи жумушчу иш сапарынын алкагында Россияны кыдырып жүрөт. 

"Жолугушууга кыргызстандык студенттер дагы катышты. Анда ошол аймакта эмгектенген мигранттардын көйгөйлөрү талкууланды. Отунбаев жарандарды коргоо боюнча элчиликте жүрүп жаткан иш-чаралар тууралуу маалымат менен бөлүштү. Ал эми кыргыздардын коомдук уюмдарынын жетекчилери негизги көйгөйлүү маселелерди көтөрүп чыгышты", — деп айтылат маалыматта. 

Мындан тышкары, элчиликтен кабарлагандай Отунбаев Приморье крайынын губернатору Василий Усольцев менен жолуккан. Эки тарап соода-экономикалык багытында кызматташууну талкуулашкан.

"Кыргызстан менен Приморье крайы келечекте билим берүү, маданият жана спорт багытында кызматташууну макулдашты", — деп ырасталат маалыматта. 

Тараптар эки тараптуу мамилени өнүктүрүү күчөтүлөрүн белгилешкен.

Жаңылыктар түрмөгү
0